Калемгер соңку учурларда коомдогу талкуу жараткан окуяларда өз пикирин активдүү билдирип жүргөн.
Чоң атанын өрнөгүн алган уул
Кечээ гана чагылгандай шар мүнөзү менен эл катарында жүргөн Дүйшөн Керимовду бүгүн ага-туугандары жоктоп, кабыргалары кайышып турат. Калемгердин бир тууган агасы, медицина илимдеринин доктору Накен Касиев инисинен күтүүсүздөн ажырап калганын айтты. Дүйшөн Керимовдун кан басымы түшүп кеткен.
“Бир туугандар ооздон алдыргандай болуп, ичибизден сел жүрүп, бирде ишенсек бирде ишенбей турабыз. Дүйшөн үч күн мурун эле мени менен сүйлөшкөн болчу. Анан эле кокусунан дарттан суй жыгылды. Бардык амалын жасадык, менин дарыгер кесиптештерим мени менен бирге күнү-түнү тикеден-тик турушту. Бирок ажал келгенде аргасы биздин колдон келбей турган иш экенин түшүнүп, айласыз сыздап олтурабыз. Дүйшөн иним тууралуу жакшы сөздөр айтылып жатат. Бул аз да болсо анын эл-журту үчүн кызмат кылганынын белгиси. Мен бир тууган агасы катары ушундай инибиз бар болгонуна сыймыктанам”.
Маркум сегиз бир туугандын кенжеси болуп, чоң атасы Керимдин колунда тарбияланган. Анын турмушка эрте бышып, адабият ааламына кызыгып калышына да чоң атасынын өрнөгү, мээнетке бай айыл турмушу чоң таасир берген.
“Чоң атам бизге калп сүйлөбөгүлө, ушак айтпагыла, анан чынчыл болгула деп көп айтар эле. Ошондуктан Дүйшөндүн чынчылдык сапаты кичинесинен мээсине сиңип калган. Анан чоң атам ага чырактын жарыгында “Манас” эпосун окутуп коюп, угуп олтурганды жакшы көрөр эле. Иним мектептен баштап эпосту кан-жанына сиңирди”, - дейт Накен Касиев.
Дүйшөн Керимовдун өмүрдөн өтүшү менен кыргыз маданияты, журналистикасы жана адабиятынын бир капталы эңшерилип турат. Ал мамлекеттик тилге, тарыхка, улуттук баалуулуктарга жан дилинен күйүп-бышкан мекенчил инсан, кесипкөй журналист, талантуу жазуучу эле. Анын артында жубайы, үч уулу жана неберелери калды.
Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев бүгүнкү күндүн чындыгын Керимовдун көзү менен көрүп, айтылбай жаткан чындыгын ушу кишинин оозу менен укчубуз деп эскерди.
Жазмакер адабиятка кеч келгенин, эми турмушка каныгып, чыгармачыл түшүмүн берерде көзү өтүп кете берди деп өкүнүп турат:
“Дүйшөн Керимовдун эң чоң ийгилиги бизге академиялык тарыхты эмес, оозеки тарыхты, оозеки санжыраны калтырып кетти. Эгерде сүрөтчүлөр баатырларды кыл калем менен тартса, бул киши Тагай бий, Наалы эже, Ормон хан, Боромбай, Шабдан, Эсенгул баатыр, Кубат бийден баштап Раззаковго чейинки отузга жакын кыргыздын баатырларын санжыра менен айтып берди. Бул киши менен эч ким санжыраны талаша албайт эле. Санжырада беттегенин берчү эмес. Жүзгө жакын акындардын ырларын жатка айтчу. Бул киши оозеки адабияттын сырттаны эле. Мындан сырткары орус, түрк, чыгыш элдеринин поэзиясын мыкты билчү. Анан казак кыргыздын данакери эле. Кыргыздын санжырасын кандай билсе казактыкын ошондой билчү. Өзү кезинде мал да багып, базарда соода да кылып, мугалим да болуп көрдү, анан турмушта көргөнүн адабиятка айландырды дешет. Ушундай кашкөй инсандан ажырап турабыз. Абылай хан, Кененсарылардын тарыхын казактар да талаша алчу эмес”.
Дүйшөн Керимов жазуучу катары “Наал эже” тарыхый повестинин, улуттук оюндар тууралуу “Айкөл Манас оюндары”, ондогон аңгеме, эсселер камтылган “Эрөөл талаа” китептеринин автору.
Ал ошондой эле көркөм чыгармачылык менен публицистиканы эриш-аркак алып жүргөн. Соңку кездери өзүнүн Ютуб каналы аркылуу өлкөнүн коомдук-саясий, маданий турмушундагы орчундуу, талкуу жараткан окуялар боюнча жеке пикирин активдүү билдирип келген.
"Кындан суурулган кылычтай өткүр болчу"
Акын Атахан Кожогулов анын чыгармачыл дарамети толук ачылбай кетти дейт:
“Дүйшөн ага кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын, дүйнө таанымын, көчмөндүк духун мыкты билчү. Анан кыргыз адабиятындагы сын, поэзия, проза, драматургия боюнча өзүнүн жеке көз караштары бар болчу. “Мыкты болуш үчүн жакшы бир китеп менен эле эл эсинде калсаң болот” дечү. Буга кыргыз акындарынан Жолон, Турар, Оморлордун акындык дараметин, алардын ар биринин өзгөчөлүгү эмеде экенин так айтып берчү. Жадагалса орус адабиятынын дөө-шаалары Белинский, Пушкин, Лермонтов, Есениндин чыгармачылыгынан бери кеп кылып келип, ким кантип бышып-жетилгенин ийне-жибине чейин саймедирейт эле. Анан бул кишинин эс тутуму да мыкты эле. Мындан 30-40-50 жыл мурунку окуяларды дагы күнү бүгүнкүдөй айтып берчү. Дагы бир өзгөчөлүгү чындыкты айтуудан дайыма кайра тартпай, кындан суурулган кылычтай, атылган жебедей болуп бетке айтчу. Эң өкүнүчтүүсү өзүнүн калемгерлик дарамети толук ачылбай кетти. Бул тууралуу өзу да маектеринде “жалкоолонуп жүрөм” деп кеп кылып калган жайы бар”.
Керимов 2022-жылдан бери президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын "Кыргыз тил" гезитинин редактору болуп эмгектенип жаткан.
“Өжөр мүнөзүн баарыбыз кеп кылып жатабыз. Ал керек болсо мени менен физика, астрофизика боюнча маселелерде талашып шаштымды кетирип жиберчү. Бул басып жүргөн энциклопедия эле. Жаныңда тирүү жүргөн кишинин кадыры билинбейт экен. Президент Садыр Жапаров мага “тил комиссиясына иштеп бериңиз, ал жерде тил боюнча мыйзамды өткөрүш керек болуп жатат” деп тапшырмаларды бергенде биринчи ушул Дүйшөкеме кайрылгам. Андан кийин “комиссияга караштуу “Кыргыз тил” гезитин башкарып бер, мен өзүм физик болсом, кыйналып калам” дедим. Кийин макул болуп ишке киришкенден кийин гезит кадимкидей жанданып калды эле. Ал ар бир ишти берилип иштейт эле. Эсиңиздерде болсо тил боюнча жаңы мыйзам долбоорун өткөрүп жатканда да жанымда Дүйшөн болду, болбосо кантип тартып өтөт элем айта албайм. Кыргыздын белдүү уулунан минтип ажырап турганыбызга ичибиз сыйрылып турат”, - дейт Каныбек Осмоналиев.
Керимов менен Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда чогуу окуган курсташы, эл акыны Карбалас Бакиров замандашын мындайча эскерди:
“Тазалыгы, чынчылдыгы менен башкалардан айырмаланып турчу. Мына ушул мыкты сапаттары аны мыкты жазуучу, кашкөй журналист катары калың элге тааныта алды. Анан Дүйшөкемдин жарыкка чыга элек көптөгөн аңгеме, эсселери бар. Алдыда ушуларды китеп кылып чыгарышат деген ойдомун. Досумдун бардык жакындарына, үй-бүлө, мүчөлөрүнө жана жалпы замандаштарына кайрат айтам. Ажалга айла жок экен, аттиң”.
Дүйшөн Керимов 1956-жылы Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында туулган. 1979-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин аяктагандан кийин алгачкы эмгек жолун өз айылында мугалим болуп иштөө менен баштаган. Андан кийин бир топ жыл “Нарын правдасы” , “Мугалимдер”, “Кыргыз руху” гезиттеринде эмгектенген.
Калемгер менен коштошуу зыйнаты 9-ноябрда өзү жашаган Чүй облусунун Таш-Дөбө айылында өтүп, сөөгү ушул эле айылда, "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексинин жанындагы көрүстөнгө жерге берилди.