Орусиянын өкмөтү олимпиада жана паралимпиада оюндарына спортчуларды даярдоо комитетин жойду. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн 8-ноябрда чыккан жарлыгында айтылат.
Уюштуруу комитети 2014-жылы олимпиадаларга барууда орус спортчуларына шарт түзүү үчүн түзүлгөн. Эл аралык олимпиада комитети 2017-жылы декабрь айында 2014-жылдагы Сочидеги олимпиададагы допинг чырына байланыштуу Орусиянын Олимпиада комитетин оюндардан четтеткен.
Эл аралык олимпиада комитети былтыр декабрда Орусия Украинага кол салганда кабыл алынган санкциялардын шартында Париж Олимпиадасында орусиялыктар бейтарап макамда гана катыша алат деген чечим чыгарган.
Москванын негизги союздашы Беларустун спортчуларына да ушундай чектөө киргизилген. Бул эки өлкөнүн символикаларын да колдонууга болбойт, расмий өкүлдөрү чакырылбайт.