Wildberries компаниясынын ээсинин мурдагы күйөөсү кыргыз жарандыгын алганын жарыялады

Владислав Бакальчук.

Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү жана ээси Татьяна Кимдин (ред: мурдагы фамилиясы Бакальчук) мурунку күйөөсү Владислав Бакальчук Кыргызстандын жарандыгын алганын билдирди. Ал 8-сентябрда Телеграм-каналына кыргыз жарандыгын жазында алганын кабарлап, президент Садыр Жапаров менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.

“Достор, ар кандай жоромолор жана кезектеги фейк маалыматтар болбошу үчүн экинчи жарандыгым жөнүндө түшүндүрө кетейин. Кыргызстандын жарандыгын мен жазында эле алгам — бул мага сонун жана достук мамиледеги өлкөдө бизнес жүргүзүүгө жардам берген кадам”, - деп жазды.

Бакальчук Кыргызстанга ири логистикалык борбор салуу планы бар экенин кошумчалады.

Кыргызстандын бийлиги Владислав Бакальчуктун кыргыз жарандыгын алганы боюнча комментарий бере элек.

Президенттин кыргыз жарандыгын берүү жана жарандыктан чыгаруу тууралуу жарлыгындагы маалыматтар 2023-жылдын августунан бери жабык боло баштаган. Ага чейин тизме ачык жарыяланчу.

Былтыр августта орусиялык финансист жана блогер Михаил Жуховицкийдин кыргыз паспортун "оюн үчүн" гана алып койгону катуу талкууланган. Быйыл ондогон орусиялыктар кыргыз жарандыгын алган учурлары ачыкка чыккан.

25-мартта The Moscow Times басылмасы Орусиянын саясий жана ишкер чөйрөдөгү таанымал адамдары кыргыз жарандыгын алып жатканын жазган.

“Азаттык” 2022-жылы 31-декабрда чыккан №417 жарлыктан Орусияда таанымал ондогон ири саясатчы, мамлекеттик кызматкер жана ишкерлер кыргыз жарандыгын алганын аныктаган.

Орусиядагы эң кирешелүү жана ийгиликтүү бизнестердин бири, Кыргызстанда да кулач жайган Wildberries соода аянтчасынын айланасында чоң жаңжал быйыл жайында тутанган. Анын негиздөөчүсү жана ээси Татьяна Ким ажырашып жатканын айтса, күйөөсү Владислав Бакальчук компания рейдерликке туш болгонун жар салып, Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыровго даттанган. Айрым иликтөөчү журналисттер бул окуяда бүдөмүк жагдайлар көп экенин, согуш маалында менчикти кайра бөлүштүрүү жүрүп жатканын белгилешкен. (TSh)

Дагы караңыз

АКШнын Юстиция министрлиги Трампка кол салуу аракетине Ирандын тиешеси бардыгын билдирди