Азаттык+ подкаст. “Өз тилибизде баалуулук жаратууга мезгил келди”
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Казакстандык журналист, документалист, тарыхка байланыштуу “Орусташтыруу”, “Карлаг”, “Желтоксон көтөрүлүшү”, “Конаев доору” сыяктуу даректүү тасмалардын автору Алия Ашим менен “Азаттык+ подкастта” деколонизация, тил, иденттүүлүк жөнүндө сүйлөштүк. “Эсимде” изилдөө аянтчасы октябрда деколонизация темасына арналган эл аралык конференция уюштурду. Ага Алия Ашим да чакырылып, “Орусташтыруу” даректүү тасмасы Бишкекте көрсөтүлдү.