Дин саясаты: Даават, диний билим берүү, коопсуздук
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 8-ноябрда диний ишмерлер менен "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулады. Анда коомдук талкууга чыгарылган документке кошумча-алымчалар сунушталып, айрым тактоолор киргизилди. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчилери, Кыргызстандын муфтийи, белгилүү дин аалымдары жана эксперттер катышкан жыйында даават, медресе жана башка темалар көтөрүлдү. Садыр Жапаров Кыргызстан светтик мамлекет болгондон кийин дин иштерине кийлигишпей турганын, ал эми диний ишмерлер болсо мамлекеттин ишине аралашпай турганын айтты. Ал ошондой эле жарандар "Хизбут Тахрир", "Якын Инкар" сыяктуу радикал топторго кошулуп кетпеши үчүн алдын ала чара көрүш керек деп белгилеп, даават маселесине дагы токтолду.