Тышкы иштер министрлиги Орусияга барууну пландап жаткан жарандарга кайрылып, Орусиянын тиешелүү органдарынын эрежелерине көңүл бурууга чакырды.
Министрлик түзгөн нускамада Орусиянын чек арасынан өткөн жарандар документтерин алдын ала даярдап алуулары жана "белгилүү убакытты талап кылган кошумча текшерүүлөргө" даяр болуусу керектиги айтылат.
Министрлик текшерүүдөн соң Орусиянын чек ара кызматы өлкөгө киргизүүдөн баш тартуусу мүмкүн экенин да эскертти.
"Россия Федерациясына чек ара аркылуу киргизүүдөн баш тарткан учурда жаранга мындай чечимди кабыл алууга негиз болгон тиешелүү документ берилет, Эл аралык келишимдерге ылайык, Россия Федерациясына кирүүгө тыюу салынган адамдар авиакомпаниянын жоопкерчилигине өткөрүлүп берилет. Бул адамдар орто эсеп менен 1-3 күндүн ичинде кийинки рейс менен келген өлкөгө кайра жөнөтүлөт. Бул мезгилде авиакомпания аларды суу жана тамак-аш менен камсыз кылат", - деп айтылат ТИМ тараткан маалыматта.
Бул Тышкы иштер министрлигинин Орусияда миграциялык саясат өзгөргөндөн кийинки алгачкы билдирүүсү эмес. Буга чейин ТИМ 2025-жылдын 1-январынан тартып Орусияда чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби өзгөрөрүн эскерткен.
"Тиешелүү уруксаттары (убактылуу жашоого уруксат, жашап турууга уруксат, эмгек же жарандык-укуктук келишим ж.б.) жок чет өлкөлүк жарандар бир календардык жыл ичинде Россия Федерациясында 90 күндөн ашык эмес жүрө алат. Буга байланыштуу, Россия Федерациясынын аймагында эмгек келишимин түзбөстөн чыгып/кирүү жолу аркылуу миграциялык тарыхын калыбына келтирүү менен эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандар мындан ары бул тажрыйбаны колдоно алышпайт", - деп айтылган министрлик 30-октябрда тараткан маалыматта.
Быйыл жазында Москва аймагында "Крокус Сити Холлдо" кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталган. Жер-жерлерде ар кандай рейддер уюштурула баштаган. Жыл башынан бери орус полициясы өлкөдөн 65 миң чет элдикти чыгарып, 120 миң чет өлкөлүктүн кирүүсүнө тыюу салды. Орусияга мигранттар агымы соңку 10 жылда алгачкы жолу эң төмөнкү көрсөткүчкө түшүп, экономисттердин өлкөдө жумуш күчүнүн жетишсиздиги башталат жана тейлөө акысы кымбаттайт деген кооптонуусун жаратууда.