Төө-Ашууда оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө алына элек

Төө-Ашуу. Архивдик сүрөт.

Бишкек – Ош автожолундагы Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу автоунааларга коюлган чектөө алына элек.

Бул тууралуу 7-ноябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мекемеден маалымдагандай, Төө-Ашууда кар жаап жатат. Мындан улам "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө алына элек, Өтмөк жана Ала-Бел ашууларында жол тазалоо иштери жүрүп жатат.

Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун Долон, Кызыл-Бел ашууларында да кум чачуу иштери жүрүп жатат.

Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолунун Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында жол ачык, каттам бар. Кардын калыңдыгы 15-20 см жеткен.

Министрлик автоунаанын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырып, каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырууда.

Синоптиктердин маалыматында 6-8-ноябрда тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл сакталышы зарыл экенин эскертти. (MKt)