Тышкы карызды чектөөгө аракет кылып жаткан кыргыз бийлиги акыркы жылдары ички карыздын көлөмүн кескин көбөйттү. Бирок айрым депутаттар муну чет элдик насыялардан дагы кымбат түшүп жатат деп сындады. Анын үстүнө өкмөт пландаган 26 млрд сом бюджет профицити карыздын эсебинен пайда болобу деген суроо жаралды.
Ички карыз акыркы эки жылда эки эсе өсүп, 145 млрд сомго жетти. Адатта өкмөт калктан алган карызды бюджеттин дефицитин жабууга, мамлекеттик ишканалардын карыздарын төлөөгө, түрдүү долбоорлорду каржылоого жана башка чыгымдарга жумшайт.
Ички карыз деген эмне?
Тышкы насыялар чет өлкөлөрдөн же Дүйнөлүк банк сыяктуу эл аралык институттардан тартылса, ички карыз, аталышы айтып тургандай, Кыргызстандын ичиндеги мекеме-уюмдардан, банктардан жана катардагы жарандардан алынат.
Калктан карыз алуу үчүн Каржы министрлиги вексел жана облигация деген баалуу кагаздарды чыгарат. Айырмасы - вексел 1 жылга, облигация 2 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө сатылат.
Мамлекет баалуу кагаздарды сатып алган тарапка үстөк кошуп кайтарып берет. Мисалы, Социалдык фонд 1 млрд сомго 10% чен менен 10 жылдык облигацияларды сатып алса, өкмөт ага жыл сайын 100 млн сомдон үстөгүн төлөп, 10 жыл өткөндөн кийин 1 млрд сомун кайтарып берет.
Облигация сатып алуу банкка депозитке салганга окшош. Депозитти банкка карызга берүү катары карасак, баалуу кагаздар мамлекетке карыз берүү деп эсептелет. Вексел жана облигацияларды каалаган жаран же ишкана ала алат.
Бирок тыштан алынган кредит 40-50 жылдык мөөнөт менен чени 0,5-2% ашпаса, ички карыздар көбүнчө 5-10 жылга 15-16% үстөк менен алынат. Депутаттардын нааразылыгы ушуга байланыштуу.
Каржы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев өкмөт ички карызды көбөйтүү саясатын улантарын айтты.
“Мамлекеттик карыздын чеги ички дүң өнүмгө карата 70% ашпашы керек. 2020-жылдары ал 67% чейин чыгып кеткен. 2023-жылы 45,5% түздү. Ал эми 2024-жылдын 7 айынын жыйынтыгы менен 43,7% түштү. Биздин божомолго ылайык, 2028-2029-жылдары 24-26% чейин түшөт. Бул жалпы мамлекеттик карыз. Бирок биз ички карызды көбөйтүүгө көп көңүл буруп жатабыз. Себеби, бул экономикабызга оң таасирин тийгизип, салык, дивиденддер аркылуу кайра бизге кайтып жатат. Ошону үчүн ички карыздын көлөмү барган сайын көбөйөт”, - деди ал парламенттеги талкууда.
Ички карызды эмнеге алат?
Өкмөт чет элдик кредиторлордон көз карандылыкты азайтуу саясаты жүрүп жатканын айтууда. Буга бир нече себеп бар.
Биринчиден, ички карыз сом менен алынып, эл аралык валюталардын курсуна байланбайт. Девальвациядан жабыркап келген кыргыз экономикасы үчүн бул маанилүү жагдай. Мисалы, 2013-жылы Кытайдан Бишкек ЖЭБин (ТЭЦ) оңдоого 386 млн доллар насыя алып жатканда анын курсу 48 сомдун тегереги эле. Учурда 86 сом. Пайыздарын кошкондо Кыргызстан 20 жылда 500 млн доллардай кайтарып бериши керек. Кыргыз тарап кредиттин пайыздарынан дагы доллардын курсунан көбүрөөк уттурат.
Экинчиден, акча өлкөдө калат. Өкмөт ички карыздарды Социалдык фонд, камсыздандыруу компаниялары, коммерциялык банктар сыяктуу ири уюмдардан алып, аларга үстөгүн кошуп кайтарып берет. Ал каражат Кыргызстандын экономикасында айланат.
Мындан тышкары, жалпы фондулук рынок өнүгөт. Мамлекет үчүн кошумча киреше булагы, ал эми ишканалар жана жарандар үчүн инвестициялык инструмент. Өкмөт облигацияларга өзү кепил болуп, карыздарды убагында төлөп келгенин айтат. Инвесторлорду кызыктыруучу жагдай - баалуу кагаздардан түшкөн пайдадан эч кандай салык төлөнбөйт.
Кредиттик рейтинги жогору өлкөлөр тышкы карыздарды да баалуу кагаздар аркылуу алат. АКШнын тышкы карызы 30 триллион доллардан ашты деген сөз АКШнын облигациялары ушул суммага сатылганын билдирет. Америка өкмөтү чет өлкөлөрдөн же уюмдардан салттуу түрдөгү кредит албайт.
Кыргызстан да бул багытта кадам таштап, 2023-жылы рублдик облигацияларды чыгара баштаган. Ал эми 2025-жылы, Bloomberg жазгандай, кыргыз өкмөтү доллардык евробонддорду да чыгарууга камданып жатат. Азырынча Кыргызстан узак сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кредиттерди чет өлкөлүк өкмөттөрдөн же эл аралык институттардан алууга мажбур.
Карыздарды баалуу кагаздар аркылуу алуунун саясий өңүтү да бар. Чет элдик насыя кайсы бир кепилдик менен алынат. Президент Садыр Жапаров 2021-жылы“Азаттыкка” берген маегинде билдиргендей, Кыргызстан Кытайдын карызын кайтара албай калса, Бишкек ЖЭБи, “Датка-Кемин” долбоору жана “Түндүк-Түштүк” альтернативалык жолу кытай тараптын башкаруусуна өтөт. Алар жетпей калса, башка да объекттер өтүп кетиши ыктымал деген өлкө башчы.
Ал эми мамлекеттин облигацияларын сатып алууда эч кандай кепилдик берилбейт, күрөө коюлбайт. Инвесторлор өлкөнүн убадасына гана ишенет. Дүйнө жүзү АКШ кайтарып берет деген бекем ишенимге гана таянып кайра-кайра карыз берүүдө.
Мамлекеттердин карызды кайтаруу жөндөмүн аныктаган кредиттик рейтингдер түзүлгөн. Өлкөнүн рейтинги канчалык жогору болсо, ага ишеним ошончо чоң. Moody’s агенттиги быйыл Кыргызстанды "тобокел" абалдан "туруктуу" деңгээлге келди деп баалаган.
Тобокелчиликтери
Депутаттар ички карыз кымбат алынып жатат деп кабатыр. 2023-жылы эң популярдуу 7 жана 10 жылдык облигациялар 15-16% үстөк менен сатылды. Бул коммерциялык банктардын депозиттеринен да жогору. Былтыр өкмөт жалпы 38 млрд сом ички карыз алды.
“Албетте, бул кымбат. Мамлекетибиздин бюджетине чоң зыян келтирет”, - дейт “Азаттыкка” берген маегинде Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Айсаракан Абдибаева. Депутат облигациялар кымбат түшүп жатса анын натыйжалуулугун изилдеп көрүү керектигин айтат.
2023-жылы ички карыз жалпы мамлекеттик карыздын 25,9% түздү, бирок ага жалпы төлөмдөрдүн 40,5% туура келди. 2027-жылы тышкы карызга караганда ички карызды төлөөгө көбүрөөк чыгым кетээри пландалууда.
“Сырткы карыздан ички карыз жакшы деп ойлошот окшойт. Бирок айырмасы жок да. Бюджетке ошондой эле жүк түшөт. Сырттан келген карыздар төмөн пайыздар жана гранттык элементи менен, 30-40 жылга чейин алынып жатат. Бир гана алардын валюталык коркунучу бар. Ошонусу эле болбосо, сырттан келген насыялар жеңил болуп жатат”, - деген пикирде Бюджет комитетинин дагы бир мүчөсү Султанбай Айжигитов.
2025-жылдын бюджет долбоорун карап жаткан депутаттар дагы бир жагдайга көңүл буруп жатышат. Каржы министрлиги профицит 26 млрд сомго жетет деп пландады. Бул профицит карыздын эсебинен түзүлүп жатабы?
“Профицит болот дешет, бирок карыз алганы бири-бирине каршы келет. Сандарды ары-бери ойнотуп, коомдук пикирди манипуляция кылып жатат. Бүгүнкү күн менен эле карыз алып жатышат. Көп милдеттенмелерди алып алышпадыбы, аларга акча табыш керек да. Андан тышкары баары эле тышкы карыз көбөйүүдө деп нааразы болуп жатпайбы. Өкмөт болсо эми ички карызды көбөйтүп, өзүбүздү багабыз деп манипуляция кылып жатат”, - дейт Султанбай Айжигитов.
Министрлер кабинети тышкы да, ички да карыздарды стратегиясына ылайык алып, өз убагында төлөп жатканын айтууда. Жакынкы жылдары мамлекеттик карыздын тескелиши туруктуу абалда болоруна ишенет.