Мигранттар "иштер өтө жай каралып, кезек күндөн күнгө көбөйүп жатат" деп нааразы. Ал эми соттун төрагасы ишти ыкчам кароого аракет кылып жатканын билдирди.
Казакстан: Мекенине кайта албай жаткан мигранттар
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Казакстандын Түркстан облусунда 100гө жакын эмгек мигранттары бир нече күндөн бери Сарыагаш райондук административдик сотун айланчыктап жүрөт. Алар Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары. Казак бийлиги аларга "миграция мыйзамдарын бузган" деген айып тагып, иш сотко өткөн.