Өзбекстанда сот 51 жаштагы жергиликтүү тургун Алишер Халиковду Украинада орус аскерлеринин катарында согушкан деген айып менен жалпы тартиптеги колонияга беш жылга кести. Бул тууралуу бүгүн 5-ноябрда "Азаттыктын" өзбек кызматы жазды.
Фергана облусундагы соттун өкүмүндө айтылгандай, 2023-жылдын май айында Халиков Орусияга жумуш издеп барган, ошол эле жылдын ноябрь айында "топ адам менен келишип алып, Украинадагы орус куралдуу күчтөрүн колдоо чечимин кабыл алган" жана Орусиянын Коргоо министрлиги менен бир жылдык келишим түзгөн. Ошондон кийин ал Финляндия менен чек арадагы базада атайын аскердик даярдыктан өтүп, башка жалданма адамдар менен чогуу курал колдонгонду жана согушуунун негиздерин үйрөнгөнү айтылды.Быйыл январда Халиковду Украина менен чек арадагы Брянск облусундагы аскердик полигонго машыгуусун улантуу үчүн которушкан, ал эми февралда ал өзүн "Луганск элдик республикасы" деп жарыялап алган аймакта Орусия аскерлеринин катарында согушуу үчүн Украинанын чек арасынан өткөн.
Биринчи эле күнү Халиков бараткан колоннаны украиндердин согуштук дрону бутага алып, ал башынан, сол колунан жана оң бутунан жараат алган. Март айында гана Москвада ооруканада дарыланып жаткан жеринен өзүнө келген.
Халиковдун айтымында, орус аскерлери анын паспортун алып коюп, Орусиянын жарандыгын сунуш кылышкан. Мындай сунуштан баш тартып койгондуктан документин кайтарып беришкен эмес. Келишимге кол койгону жана жараат алганы үчүн 800 миң рубль (болжол менен 8000 доллар) алган.
“Азаттык” Орусиянын Украинадагы согушунда теги кыргызстандык 51 киши набыт болгонун аныктаган. Алардын 25и Кыргызстандын жараны. Айрымдарынын колунда эки өлкөнүн тең паспорту болсо, кайсы бири кийин кыргыз жарандыгынан баш тарткан. (RK)