Орусияда аскердеги жемкорлук үчүн дагы бир жетекчи кармалды

Орусияда аскер тармагын тейлөө жаатындагы дагы бир жемкорлук фактысы иликтенип жатат. Москвада Росгвардиянын материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мирза Мирзаев паракорчулукка байланыштуу кармалганын 3-ноябрда ТАСС маалымат агенттиги жазды.

"Аскердик соттун чечими менен Росгвардиянын тыл башчысынын орун басары Мирзаев камакка алынды", - деп билдирди агенттиктин булагы.

Орусиянын күч кызматтары менен байланышы бар экени айтылып жүргөн Mash Telegram каналы жазгандай, Мирзаев кыска убакытта курулуучу имараттардын модулун саткан ишканадан 140 миллион рубль талап кылган жана эгер бул акчаны беришпесе, 480 миллион рублге барабар келишимди үзөрүн айтып коркуткан. Ишкана акчаны генералга ортомчу аркылуу которгон. Экөө тең камакка алынды.

Мирзаевдин адвокаты аны изоляторго эмес, үй камагына алууну өтүнгөн, бирок сот аны тергөө абагына 2-январга чейин камакка алды.

2022-жылдын февралынан бери Украинага каршы согушун улантып, чабуулдарын токтотпой жаткан Орусияда аскерлерди камсыздоого жооптуу жетекчилер коррупцияга айыпталган окуялар буга чейин да катталган. Сентябрь айында Росгвардиянын авиациялык-техникалык кызматынын мурдагы башчысы Олег Гамаюнов ири өлчөмдөгү жемкорлукка айыпталып кармалган. Анын мамлекетке келтирген залакасы 80 миллион рубль деп эсептелген. Мамлекеттик Думанын маалыматтык саясат комитетинин башчысы Александр Хинштейн тергөөчүлөрдүн маалыматына таянып, Гамаюнов бюджеттик каражатты уурдоо үчүн түзүлгөн кылмыштуу топтун мүчөсү экенин айтканын РБК жазган. (RK)

Дагы караңыз

"Нарында бак-дарактарды кыйбай, көбөйтүү керек" Ата-энелерди жаатташтырган мектептеги чырГерманиянын тышкы иштер министри Киевге бардыКыргыз таануу: “тегин” антропоформантына – 35 жыл, “тегин” сөзүнө – миңдеген жылдар