4-ноябрь: Адыл Акжол уулуна коюлган айып өзгөртүлдү, Украина ракета жана дрон чабуулуна кабылды

Сүрөт Адыл Акжол уулунун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

4-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Айтилек Орозбеков 1-январга чейин камалды

Бишкектин Биринчи май райондук соту социалдык тармактагы билдирүүсү үчүн кармалган Айтилек Орозбеков 2025-жылдын 1-январына чейин камакка алынганын билдирди. Аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен айып тагылууда. Айтилек Орозбеков кармалганын анын адвокаты Исмаил Каримжанов 2-ноябрда “Азаттыкка” билдирген. Ал активист коюлган айыпты мойнуна албай турганын жана “эч кандай чакырык кылган эмесмин” деп айтканын кабарлаган. Атайын кызмат ага коюлган айып жана козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий бере элек. Айтилек Орозбековдун жакындарынын айтымында, ал буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүловдун коомдук башталыштагы жардамчысы болуп иштеген.

Журналист Адыл Акжол уулуна коюлган айып өзгөртүлдү

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын директорунун мурдагы орун басары, журналист Адыл Акжол уулуна Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен тагылган айып “Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу” беренесине өзгөртүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокаты Назик Ажымаматова билдирди. Журналисттин иши 31-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өтүп, баштапка соттук угуу 19-ноябрга дайындалды. Адыл Акжол уулунун камакта мөөнөтү 31-декабрга чейин узартылды. 33 жаштагы Адыл Акжол уулу 2022-жылдан 2023-жылдын июнь айына чейин мамлекеттик ЭлТР телеканалынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Былтыр июль айында УТРКнын директорунун орун басары болуп дайындалып, бул кызматтан быйыл март айында кеткен.

“ПолитКлиника” медиасы белгисиз адамдар кызматкерлеринин маалыматын чогултуп жатканын билдирди

“ПолитКлиника” медиасы өздөрүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери деп тааныштырган белгисиз адамдар порталдын жооптуу редактору Ырысбү Кылычбек кызынын жана журналист Адахан Аманатовдун жеке маалыматтарын чогултуп жатканын билдирди. “ПолитКлиника” ал адамдардын тек-жайын аныктоого мүмкүн болбогонун, редакция расмий органдардан маалымат алууга аракет кылып жатканын кабарлады. Жакында эле “Апрель” медиасы да өздөрүн милиция кызматкерлери деп тааныштырган адамдар кабарчысы Юлия Кулешованын жеке маалыматтарын чогултуп жатканын кабарлаган. “Апрель” бул боюнча ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылып, ал адамдар чын эле укук коргоо органдарында иштеген-иштебегенин тактап берүүнү сураган. Журналисттерге байланыштуу бул эки окуя тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) да, Ички иштер министрлиги (ИИМ) да комментарий бере элек.

“Кыргыз камвол-нооту комбинаты” сатылганы белгилүү болду

Бишкектеги “Кыргыз камвол-нооту комбинаты” ачык акционердик коому 1 млрд 777 млн сомго сатылганы белгилүү болду. Мекеменин маалыматына ылайык, ишкананы сатуу боюнча аукцион 30-майда жарыяланып, баштапкы баасы 1 млрд 767 млн сом деп бааланган. Бишкек шаарынын Шабдан Баатыр көчөсү, 126 дарегинде жайгашкан үч административдик имарат, көмөк чордон, бомбадан баш калкалоочу жай жана башка имараттар быйыл 12-июнда сатылган. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик “Кыргыз камвол-нооту комбинатын” кайсы компания алганын ачык жарыялаган жок. Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык реестрде аталган даректе “Тарим трэйд” аттуу компания жайгашканы көрсөтүлгөн. 31-октябрда “Клооп” жана журналист Болот Темиров Бишкектеги “Мадина” базары жөнүндө биргелешкен иликтөө чыгарышкан. Анда базар 2024-жылдын август айында Кыргызстандын бажы тармагындагы коррупциялык иштер боюнча журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган кытайлык, уйгур тектүү бизнесмен Хабибулла Абдукадырдын уулунун “Тарим трэйд” ишканасына өткөнү айтылат.

Украина ракета жана дрон чабуулуна кабылды

4-ноябрга караган түнү Орусия Украинанын аймагына учкучсуз учак жана ракета менен чабуул койгонун, Shahed дрондорунан 80и учурулганын Днепропетровск облусуна «Искандер-М» ракетасы менен сокку урганын украин Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү маалымдады. Тогуз облуста, анын ичинде Киев аймагында, 50 дрон атып түшүрүлдү. Борбор калаа Киевде эки жерге дрондун сыныктары түшкөнү, жабыркагандар жок экени кабарланды. Харьковдо кеминде 13 адам жараат алды. Ал эми фронтто орус аскерлери Курахово багытында алдыга жылганын Би-Би-Си украин аскерлеринин маалыматына таянып жазды. DeepState долбоору да бул маалыматты тастыктады. Курахово Донецкиден батыш тарапта, фронт тилкесинен 20 чакырым аралыкта жайгашкан. Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок Киевге кезектеги иш сапары менен барды.

Молдовада евроинтеграцияны жактаган Майя Санду экинчи мөөнөткө шайланды

3-ноябрда президенттик шайлоонун экинчи туру өтүп, азыркы мамлекет башчы Майя Санду добуштардын 55,4%, ал эми анын атаандашы, орусиячыл саясатчы Александр Стояногло 44,6% алды. Сандуну колдогондор борбор калаа Кишиневдо жана чет жакта жашагандар арасында көп болду. Орусиянын кийлигишүүсү, добуштардын бурмаланышына катышуусу тууралуу айыптоолор айтылган бул шайлоо жараянынын жыйынтыгында Санду: “Молдова, сен жендиң!” - деп жарыялады. Сандунун тушунда калкы 2,5 миллион киши болгон мурдагы советтик жакыр өлкө евроинтеграция жолуна түштү. 2022-жылы Молдова Евробиримдикке талапкер макамын алды, быйыл жыл башында бул биримдикке кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөр башталды.

Казакстан: Өспүрүм каза болгон райондо кылмыштуу топтун лидери атыккан киши кармалды

16 жаштагы баланын өлүмү менен аяктаган окуяга байланыштуу болушу ыктымал экенин 4-ноябрда "Азаттыктын" казак кызматы жазды. Алматы облусунун Талгар районунда "Хутор" деп аталган кылмыштуу уюшма топтун лидери деп аталып жүргөн жергиликтүү тургун Хасан Касымбаев үч жыл мурдагы кылмышка шектүү деп кармалып, 2-ноябрда камады. Касымбаев кармалганын Алматы облустук полиция департаменти тастыктап, ал 2021-жылдын июнундагы «адамдын ден соолугуна оор залака келтирүү жана аны уурдоо» кылмышына шектелип жатканын кабарлады.