Казакстанда кылмыштуу топтун лидери атыккан кишинин камакка алынышы 16 жаштагы баланын өлүмү менен аяктаган окуяга байланыштуу болушу ыктымал экенин 4-ноябрда "Азаттыктын" казак кызматы жазды.
Алматы облусунун Талгар районунда "Хутор" деп аталган кылмыштуу уюшма топтун лидери деп аталып жүргөн жергиликтүү тургун Хасан Касымбаев үч жыл мурдагы кылмышка шектүү деп кармалып, 2-ноябрда камакка алынды.
Касымбаев кармалганын Алматы облустук полиция департаменти тастыктап, ал 2021-жылдын июнундагы «адамдын ден соолугуна оор залака келтирүү жана аны уурдоо» кылмышына шектелип жатканын кабарлады.
"Кылмыштардын бардык жагдайларын ар тараптуу, толук жана объективдүү иликтөөнү камсыздоо боюнча комплекстүү тергөө жүргүзүлүүдө. Иштин материалдары шектүүнүн бөгөт чарасын аныктоо үчүн сотко жөнөтүлдү. Тергөө иштери облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин көзөмөлүндө", - деп айтылды департаменттин маалыматында.
Хасан Касымбаев тууралуу жакында Шерзат Болат аттуу 16 жаштагы өспүрүм киши колдуу болгон окуядан кийин айтыла баштаган. Социалдык түйүндөрдө баланы анын "Хутор" тобунун мүчөлөрү өлтүргөнү тууралуу маалымат тараган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) андай топ бар экенин четке кагып, "каттоодо жок" деп билдирген.
Orda.kz басылмасы Касымбаевдин өзү менен курган мегин жарыялаган, анда ал "эч качан мыйзам бузбаганын, соттолбогонун, ак эмгеги менен жашаган" адам экенин айткан.
15-октябрдагы пресс-конференцияда вице-министр Бауыржан Аленов "Хасан Касымбаев бул иште эч кандай макамга ээ эмес" деп билдирген.
4-октябрда Талгарда Шерзат Болат ата-энеси ижарага алып иштетип жаткан дүкөндүн жанында өлтүрүлгөн. Полиция кылмышка он киши шектелип, дагы экөө күбө катары каралып жатканын маалымдаган, бирок аты-жөнүн жарыялаган эмес. Арасында мурда соттолгон, ар кандай кылмыш үчүн, ээнбаштык үчүн жоопко тартылгандар бар экени кабарланган.
Баланын өлүмүнө байланыштуу бир нече, анын ичинде "Ээнбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Айрым жергиликтүү жетекчилер кызматтан алынган. Алматы облусунун прокурорунун орун басары Саян Бакиров жана Талгар районунун прокурору Ескендир Бекманов "көзөмөл ишиндеги олуттуу кемчиликтер" үчүн иштен бошотулган. Талгардын акими Бахыт Куришбеков жана анын орун басары Сагындык Матан "кызматтык милдетин так аткарбаганы үчүн" деген негизде четтетилген. Талгар районунун акимчилигинин аппарат башчысы Аслан Касымбаев да жумушунан алынган. Айрым маалыматтарга караганда, ал Хасан Касымбаев менен тууганчылык жайы бар. Акимчилик андай маалыматы жок экенин билдирген. (RK)
Дагы караңыз
Баткендеги Баатыр энелердин айылыНарындын борбордук аянтындагы камерадан тартылган видеоМолдовада евроинтеграцияны жактаган Санду экинчи мөөнөткө шайланды“ПолитКлиника” белгисиз адамдар кызматкерлеринин маалыматын чогултуп жатканын билдирди