Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 5-6-ноябрларда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
6-ноябрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы кескин төмөндөйт:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5°, күндүз -1...+4°;
Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6°, күндүз -3° …+2°;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 4…9°, тоо этектеринде түнкүсүн -2…-7°, күндүз -4° …+1°;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -1…-6°;
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6°, күндүз 0…5°;
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -1…-6°, күндүз -1° …+4°,
Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -4…-9°, күндүз -1…-6°, бийик тоолордо түнкүсүн -11…-16°, күндүз -3…-8° болот.Айрым жерлеринде туман түшөт.
4-ноябрда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9° , күндүз 23…25° жылуу болот.