3-ноябрга оогон түнү Орусия менен Украина бири-бирине дрон менен чабуул койгону кабарланды. Түнкү чабуулдар Киевдеги бир катар имараттар менен электр чубалгыларын зыянга учураткан.
Орусиянын Коргоо министрлиги Украина 20 учкучсуз аппарат менен өлкөнүн түштүгүнө чабуул жасап, алардын баары атып түшүрүлгөнүн билдирген.
Учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулу 3-ноябрга оогон түнү, орус армиясы согуш талаасында чабуулун тездетип, Донбасста Украинанын аскерлерин сүрүп бараткан маалга туш келди.
Киевде жана анын жака-белинде түн ичинде аба айгайы жаңырып турган. Киевдин расмий бийлиги аткылоодон жабыр тарткандар жок экенин билдирди.
Орусия тарап жер-жерлерде кандайдыр бир кыйроолор тууралуу кабарлай элек. (KbA)
Дагы караңыз
Молдова: Президенттик шайлоонун экинчи туруна Орусия кийлигиштиби? Бишкекте жаңы автобекет 2025-жылдын май-июнь айларында ишке берилет