Украина соңку суткада да Орусиянын соккуларынан адамдар каза болгонун жана жараат алганын 1-ноябрда билдирди.
Херсон облусунда 19 калктуу пункт аткыланганын, билим берүү мекемеси жана бир нече үй кыйраганын, бир жергиликтүү тургундун өмүрү кыйылганын, дагы 13 киши жараат алганын аскердик администрация башчысы Александр Прокудин кабарлады.
Харьков облусунда да бир нече айылга чабуул коюлганын, эки киши жараат алганын, бирөө каза болгонун жергиликтүү бийлик башчысы Олег Синегубов маалымдады.
Мындан тышкары Днепр аймагына "Искандер-М" баллистикалык ракетасы менен сокку урулганы айтылды.
Ал тапта Түндүк Корея Орусиянын Украинага каршы согушуна жардам берерин расмий жарыялады.
1-ноябрда Москвада орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушууда бул өлкөнүн башкы дипломаты Цой Сон Хи түндүк кореялык аскерлер Орусияга жөнөтүлгөнү тууралуу билдирүүлөр боюнча түздөн-түз эч нерсе айткан жок, бирок Москваны согуш башталгандан бери колдоп келатканын жана жардамын улантарын айтты:
"Жеңишке жеткен күнгө чейин биз дайым орусиялык жолдошторубуздун жанында болорубузду дагы бир жолу ишендирип айтабыз", - деди ал.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен бейшембиде Орусияда Түндүк Кореянын 10 миң аскери жүргөнүн, анын 8 миңи Украина менен чектеш Курск облусуна жайгашып, жакын арада согушка салынганы жатканын 31-октябрда билдирген.
Москва менен Пхеньян ортосунда бекемделип бараткан аскердик кызматташтык аймактык гана эмес, глобалдык коопсуздукка олуттуу коркунуч жаратарын 29-октябрда Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл белгилеген.
Түндүк Корея Орусияга аскер жөнөткөнүн танып, бирок эгер ошондой болгон күндө да эл аралык нормаларга каршы келбей турганын билдирген.
Орусиянын президенти Владимир Путин 24-октябрда Түндүк Кореянын аскерлери Орусияга барганы тууралуу суроого жооп бергенде аталган өлкө менен стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишим бар экенин белгилеп, “эмне кылсак да өзүбүз билебиз” деген. (RK)
Дагы караңыз
"Жыгылса эле сөөгү сынат". Аялды тооруган остеопороз Казакстанда журналисттерди чектеген эрежеге каршы соттук териштирүү башталды Орусия мигранттар боюнча статистикасын жарыялабай калдыЛиван Бейруттун чет жакасындагы он чакты жер чабуулга кабылганын билдирди