Орусияга Кытай аркылуу өндүрүш жабдыгын (станокту) ташыды делген казакстандык Kazstanex компаниясы Кошмо Штаттардын санкциясына кабылды. 30-октябрда АКШнын Каржы министрлиги жарыялаган тизмеде аталган компания дагы бар. Ишкананын сайтында алар дүйнөдөгү ар кайсы өлкөлөрдөн жабдык ташуу менен алектенери жазылган.
Ачык булактардан алынган маалыматтарга караганда, компания 2011-жылы негизделген. Анын түптөөчүсү жана жетекчиси катары Василий Абрамов аттуу жаран көрсөтүлгөн.
Америка бийлигинин эсебинде, Kazstanex Өзбекстандагы өнөктөшү Uzstanex компаниясы менен биргеликте Европадан өндүрүш жабдыктарын алып келип, кытайлык Shanghai Winsun Imp and Exp Co Ltd (Shanghai Winsun) ишканасына жеткирип, андан ары Орусияга жөнөтүп турушкан.
30-октябрда жарыяланган тизмеде 275 адам жана компания бар. Арасында Казакстандан тышкары, Индия, Кытай, Швейцария, Түркия жана башка өлкөлөргө караштуулары дагы бар.
Kazstanex — Орусия Украинага согуш ачкандан бери Американын санкциялык тизмесине кирген биринчи компания эмес.
Расмий Астана Орусиянын Украинага кол салышын ачык колдобойт жана айыптабайт. Казакстандын бийлиги санкциялык режимди сактай турганын, Орусияга санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөшпөгөнүн билдирип келет.
Дагы караңыз
Грузия: Шайлоо жыйынтыгын бурмалоо боюнча эки киши камалды Кыргызстандын бокс федерациясы World Boxing уюмуна кошулдуТашиев гимн боюнча Мадумаровдун президентке берген жообун сындады