Бир кезде Орусияны миграциянын негизги багыты катары караган борбор азиялыктар акыркы жылдары Балтика боюндагы өлкөгө агылып, Литва аркылуу Европанын башка мамлекеттерине кетүүнү көздөп жатышат. Бирок арасында Литва өкмөтүнүн текшерүүлөрүнө, жаңы миграциялык эрежелерине туш болгондор да бар. “Азаттык” бул жолу Литвадагы мигранттардын жашоосу менен тааныштырат.
Орусиядан баш тартып, Европага кеткен мигранттар
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Литванын баш калаасы Вильнюста борбор азиялыктардын чакан району пайда болду. Соңку жылдары бул өлкөгө келген мигранттардын күнүмдүк турмуш-тиричилиги ушул жерде өтөт.