Грузиянын бийлиги билдиргендей, шайлоонун жыйынтыгын ыктымал бурмалоого байланыштуу 47 иш козголду.
Андан тышкары 26-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо бюллетендерди жапырт ыргытууга шектелген эки адам камалганы кабарланды.
Ички иштер министрлиги тараткан билдирүүгө ылайык, камалгандардын бири Марнеули шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Ровшан Искандаров. Өлкө түштүгүндөгү бул чакан шаарда шайлоо бекеттеринин биринде мыйзам бузуу катталып, добуш берүү токтотулган. Кийин бардык бюллетендер жараксыз деп табылган. Ал жактагы мыйзам бузууларга "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчысы да күбө болгон.
Орусияга ыктаган, 2012-жылдан бери бийликти колдон чыгарбай келе жаткан "Грузин кыялы" партиясы шайлоодо жеңгенин жарыялаган. Алдын ала жыйынтыктарга караганда аталган партия добуштардын дээрлик 54% алган. Буга нааразылыгын билдирген миңдеген адам Тбилисиде эки күн катары менен акцияга чыгышты.
Европачыл президент Саломе Зурабишвили жапырт көз боемочулук жана Орусиянын кийлигишүүсү болгонун айтып, шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартты.
Евробиримдик, НАТО жана АКШ Тбилисиден шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу байкоочулардын билдирүүлөрүн тыкыр иликтеп чыгууну талап кылды.
Башкы прокуратура президентти шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу чакырткан. Зурабишвили баруудан баш тартты.
Орусия Грузиядагы шайлоого кийлигишпегенин билдирүүдө.
Дагы караңыз
Ташиев гимн боюнча Мадумаровдун президентке берген жообун сындадыНурлан Мотуев улут аралык кастыкты козутууга шек саналып кармалдыКазакстан: Каспийде бир жумада 300дөй түлөн кырылды