Кыргызстандын бокс федерациясы World Boxing уюмуна кошулду

Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимп оюндарынында.

Кыргызстандын бокс федерациясы World Boxing уюмуна расмий түрдө кошулду. Бул тууралуу аталган уюм 31-октябрда билдирүү таратты.

Маалыматта Кыргызстандан сырткары дагы алты өлкө (Андорра, Бельгия, Ирак, Литва, Мадагаскар жана Тайланд) бул уюмга мүчө болгону айтылат. Эми World Boxing уюмуна кирген өлкөлөрдүн саны 51ге жетти.

World Boxing уюму 2023-жылы апрелде түзүлүп, башка өлкөлөрдү кошуп алууга умтулууда. Бирикме Олимпиададагы бокс мелдештерин өткөрүүгө аракет кылып жатат.

World Boxing уюму ушу тапта АКШнын Колорадо штатында 19 жашка чейинки спортчулар арасында дүйнө чемпионатын - өзү уюштурган алгачкы эл аралык мелдешти өткөрүп жатат. Ага Кыргызстандан беш мушкер катышууда. Уюм 2025-жылы дагы бир катар ири мелдештерди өткөрүүгө камынууда.

Эл аралык Олимпиада комитети 2016-жылга чейин бокстон мелдештерди өткөрүп келген ошол кездеги AIBAны (учурда IBA) Рио-де-Жанейро Олимпиадасында беттеште паралоо болгону, уюмдун мурдагы президенти Чинг-Куо Вунун коррупцияга тиешеси бар экени аныкталгандан кийин, Олимп оюндарынан четтеткен.

Акыркы Токио жана Парижде өткөн Олимпиада оюндарында бокстон мелдештерди Эл аралык Олимпиада комитети өзү өткөрдү.

Эл аралык Олимпиада комитетинин төрагасы Томас Бах Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиада оюндарында бокстон мелдештерди Эл аралык Олимпиада комитети өткөрө албай турганын, жаңы уюм келбесе бокс Олимпиаданын программасына кирбей калышы мүмкүн экенин айткан.

Эл аралык олимпиада комитети (IOC) менен Эл аралык бокс ассоциациясынын (IBA) ортосундагы тиреш ондогон жылдар бою уланып келет.

Эки уюмдун ортосундагы ансыз да чыңалып турган мамиле 2020-жылы бул уюмдун жетекчилигине Орусиянын Бокс федерациясынын башчысы, орус президенти Владимир Путинге жакын Умар Кремлев келгенден кийин кескин начарлап кетти. Умар Кремлев Эл аралык Олимпиада комитетин катуу сындап келет.

Азия өлкөлөрүнөн World Boxing уюмуна мүчө болууга Казакстан да арыз бергенин Казакстандын Олимпиада комитетинин жетекчиси Геннадий Головкин сентябрдын аягында билдирген. Ал сентябрда World Boxing уюмунун жаңы олимпиадалык комиссиясынын төрагасы болуп шайланган. (GT)