Орусиянын армиясы 30-октябрдын кечинде Харьков шаарындагы тогуз кабаттуу үйгө сокку урду. Эки кишинин өмүрү кыйылып, 34 киши жараат алды. Бул тууралуу облустун аскердик администрациянын жетекчиси Олег Синегубов билдирди. Анын айтымында, набыт болгондордун арасында 11 жаштагы кыз бар.
Маалыматка караганда, сокку башкарылуучу авиабомба менен жасалган. Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов кошумчалагандай, чабуулдун жыйынтыгында толугу менен төрт үй кыйрап калган. Андан тышкары бир нече автоунаа күйүп кетти.
Украинанын президенти Владимир Зеленский өнөктөштөрүн Орусияны токтотууга жардамдашууга чакырды.
“Өнөктөштөр күнүгө эмне болуп жатканын көрүп жатышат. Мындай шартта ар бир кечиккен чечим - Украинага каршы кеминде ондогон, кээде жүздөгөн орусиялык бомбалар. Алардын чечими биздин жарандардын өмүрү. Ошондуктан биз аларды бирге токтотушубуз керек жана муну болгон күчүбүз менен ишке ашыруубуз зарыл”, - деди ал.
Орусиянын армиясы Харьковго утур-утур башкаруучу авиабомбалар жана ракеталар менен сокку уруп келет.
Дагы караңыз
Жоомарт Карабаев үй камагына чыкты, журналисттер абакта калдыБишкектеги борбордук көчөлөр эки күнгө жабылатТашиев гимн боюнча Мадумаровдун президентке берген жообун сындады