“Мекенчил” депутаттык тобунун лидери алмашып, Сатыбалдиевдин ордуна Сулайманов келди

Элмурза Сатыбалдиев жана Кундузбек Сулайманов. Коллаж.

Жогорку Кеңештеги “Мекенчил” депутаттык тобунун лидери Элмурза Сатыбалдиев ден соолугуна байланыштуу депутаттык топтун жетекчилигинен кетти. Бул тууралуу 31-октябрда парламенттин жалпы отурумунда спикер Нурланбек Шакиев билдирди.

“Мекенчилдин” лидери болуп Токтогул бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп келген Кундузбек Сулайманов шайланды. Ал парламенттин 30-октябрдагы жыйынында “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан чыгып, “Мекенчил” депутаттык тобуна мүчө болгонун айткан.

57 жаштагы Кундузбек Сулайманов Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Үч-Терек айылында туулган. 1984-1985-жылдары Фрунзе шаарындагы №3 кесиптик-техникалык окуу жайында билим алган. Эмгек жолун 1983-1984-жылдары Үч-Терек айылындагы Маданият үйүнүн көркөм жетекчи жана Шопоков атындагы совхоздо жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутат болуп шайланып келген.

“Мекенчил” депутаттык тобу 2022-жылы, октябрь айында түзүлгөн. Бул топко спикер Нурланбек Шакиев да мүчө.

Бир кездери айрым депутаттар “Ата Журт Кыргызстан” фракциясы менен “Мекенчил” тобу парламентте “өзүм билемдик кылып жатышат” деп нааразы болушкан.

Жогорку Кеңеште алты фракция: “Ата Журт – Кыргызстан”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ыйман нуру”, “Ынтымак”, “Альянс” жана эки: “Мекенчил” жана “Элдик” депутаттык топтору бар. (ZKo)

Дагы караңыз

Сот Карабаевди эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикке чыгардыКыргыз-казак чек арасындагы "Токмок" көзөмөл-өткөрүү бекети убактылуу жабылдыЖоомарт Карабаев үй камагына чыкты, журналисттер абакта калдыЖумгалда жоголгон ата-баланы издөөгө жүздөн ашык киши, 9 дрон тартылдыОшто балдар үйүндө чоңойгон Володя согуштан куткарылды