Аба ырайы: Күн ачык болот

Бишкек.

1-ноябрда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 11…16

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 7…12

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4° , күндүз 14…16° жылуу болот.

Дагы караңыз

Сот Карабаевди эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикке чыгардыКыргыз-казак чек арасындагы "Токмок" көзөмөл-өткөрүү бекети убактылуу жабылдыЖумгалда жоголгон ата-баланы издөөгө жүздөн ашык киши, 9 дрон тартылдыОшто балдар үйүндө чоңойгон Володя согуштан куткарылды Нурлан Мотуев улут аралык кастыкты козутууга шек саналып кармалды