Орусияда "мыйзамсыз миграция уюштурду" деп айыпталгандардын жазасын катуулатуу тууралуу мыйзам долбоору Мамлекеттик Думада экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Орус парламентинин төмөнкү палатасынын сайтына чыккан маалыматта айтылгандай, Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин мындай чара миграция тармагындагы кылмыштарды азайтууга өбөлгө болорун айтты.
Мыйзам күчүнө киргенден кийин эгер мыйзамсыз миграцияны "уюшкан топ" уюштурганы аныкталса, бул оор кылмыш деп эсептелет жана жаза чарасы 15 жылга чейин эркинен ажыратуу болот.
Мигрантты "жашаган жери" деп жасалма каттоого тургузгандар жана каттоого алгандар беш жылга чейинки мөөнөткө камакка алынат. Жалган документ жасап бергендердин жазасы катуулап, эки жылдан алты жылга чейин түрмөгө камалат.
Документи туура эмес мигрант кылмыш жасап кармалса анын Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөндүгү жазасын катуулатуучу фактор болот.
Мигранттар тапшыруучу экземендер мындан ары ортомчуларсыз уюштурулат жана кабыл алынат. Володиндин айтымында, бул жааттагы текшерүүлөр былтыр декабрда күчөтүлө баштап, ошондон бери экзаменден өтпөй калгандардын саны 30% көбөйдү.
Мыйзамсыз мигранттардын документин тууралап берүүнү убада кылган сайттар соттун чечимисиз эле бөгөттөлө баштайт.
Быйыл жазында Москва аймагында "Крокус Сити Холлдо" кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталган. Жер-жерлерде ар кандай рейддер уюштурула баштаган. Жыл башынан бери орус полициясы өлкөдөн 65 миң чет элдикти чыгарып, 120 миң чет өлкөлүктүн кирүүсүнө тыюу салды. Орусияга мигранттар агымы соңку 10 жылда алгачкы жолу эң төмөнкү көрсөткүчкө түшүп, экономисттердин өлкөдө жумуш күчүнүн жетишсиздиги башталат жана тейлөө акысы кымбаттайт деген кооптонуусун жаратууда. (RK)
Дагы караңыз
"Свобода" радиосунун кызматкери Иван Трефилов дүйнө салдыТергөө абагындагы Имамидин Ташов кыйноого кабылганын апасы билдирдиПакистанда эки жердеги кол салуудан он чакты киши мерт болдуӨзбекстан: Алламжоновдун машинесин аткылаган иш боюнча үч адам кармалды