"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орусиялык кызматынын ("Свобода") журналисти Иван Трефилов 58 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу "Свобода" радиосу 29-октябрда кабарлады.
Иван Трефилов Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктап, "Эхо Москвы" радиостанциясында жана "Сегодня" гезитинде эмгектенген. "Сводоба" менен 2001-жылдан бери кызматташты.
Ал радионун Москвадагы бюросунда алгач катардагы кабарчы, кийин баяндамачы, сайттын экономика бөлүмүнүн алып баруучусу болуп иштеди. Радионун маалымат кызматынын алдыңкы кызматкерлеринин бири болгон. 2016-жылдан кийин Москва бюросунун маалымат кызматын жетектеди. 2022-жылдан тартып "Свободанын" Ригадагы бюросунда эмгектенип жаткан.
Иван Трефилов Орусиядагы орчундуу окуяларды, саясат, экономика, адам укуктары жаатындагы көйгөйлөрдү чагылдырып иштеди. (RK)
Дагы караңыз
Тергөө абагындагы Имамидин Ташов кыйноого кабылганын апасы билдирдиПакистанда эки жердеги кол салуудан он чакты киши мерт болдуӨзбекстан: Алламжоновдун машинесин аткылаган иш боюнча үч адам кармалдыОрусия: Түндүк кореялык аскерлер орус тилинен кыйналууда