Мэриянын менчигине өткөн базарлар, укугун талашкан Байболовдор

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Экс-депутат Кубатбек Байболовдун үй-бүлөсүнүн “Дордой” жана “Орто-Сай” базарындагы 8 гектар жери мамлекетке өттү. Атайын кызмат мэриянын менчигине берилген базардын наркын 3,8 млрд сомго баалап жатат. Ал эми Байболовдор болсо мындай саясатты "мүлктү тартып алуу" катары сыпаттап, эл аралык сотторго чейин кайрыла турганын билдирди.