“Дордой” жана “Орто-Сайдагы” 8 гектар жер мэрияга өттү
Калаа бийлигинин өкүлдөрү 28-октябрда “Дордойдогу” Оберон ишканасына таандык “Форт” базарынын администрациясына келип, Бишкек шаардык сотунун чечими менен аталган базар Бишкек мэриясына өткөнүн билдирди.
Мэриянын муниципалдык базарлар ишканасынын директору Темирлан Камчыбеков журналисттерге жооп берип жатып, “Дордой” жана “Орто-Сай” базарларындагы 3,9 млрд сом деп бааланган 8 гектар жер мамлекетке алынганын айтты:
“Мэриянын 23-октябрдагы токтомуна ылайык, “Дордой” жана “Орто-Сай” базарларында жайгашкан 8 гектар жер Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин менчигине өтөт. Контейнерлердин баары менчик ээлеринде калат. Биз менчик ээлери менен гана келишим түзөбүз. Базар эми мэриянын муниципалдык базары болот. Келишимдердин баарын ноябрдан баштап кайра түзүп баштайбыз”, - деди Камчыбеков.
29-октябрла Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектеги “Дордой” жана “Орто-Сай” базарларындагы “Оберон” ишканасынын жерлеринин мамлекетке алынышы боюнча маалымат берди.
Атайын кызмат “Оберон” компаниясы “Дордойдон” 6,42 гектар жана “Орто-Сайдан” 1,68 гектар жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алганы аныкталганын билдирди. УКМК “Оберондун” ээлери жерлерди 1998-жылы ижарага алып, кийин кызмат адамдары менен сүйлөшүп менчикке өткөрүп алганы такталганын билдирүүдө.
УКМК 3 млрд 889 млн сом болгон жалпы аянты 8,1 гектар жер мамлекетке кайтарылганын, “Оберон” базарларынан түшкөн каражат эми Бишкек шаарынын бюджетине которула турганын билдирди.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Соодагерлердин тынчсыздануусу, мэриянын жообу
Айрым ишкерлер базар мэрияга өткөндөн кийин кандай шартта иштеп, ижара акысы өзгөрбөйбү деп тынчсызданып турушат.
Соодагер Сурмакан Дүйшөбаева насыя алып соода кыларын айтып, базардын иши үзгүлтүккө учураса, андан ишкерлер зыян тартарын айтты.
“Бизге документ менен түшүндүрүп берсе жакшы болмок. Азыр ноябрда жаңы келишим түзөбүз деп жатышат. Бирок, толук ишенбей жатабыз. Ар кандай имиштер толтура. Жол түшөт экен, айрым контейнерлер алынат дегендей. Ошондуктен мэрия документ менен көрсөтүп берсе жакшы болмок”, - деди соодагер.
Кепке кошулган дагы бир соодагер Нина Соловёва мэриянын базарды өзгөртпөй, ижара акыларын көтөрбөй иштетип кетерине үмүт артып турганын жашырган жок.
“Эми бизди "мэрияга карайсыңар" деп жатат. Биз төлөгөн акча шаардын казынасына кетет экен. Биз кандай ижара төлөп келе жатсак, ошондой эле калат деди. Бизди алдап кетпейт деп ишенгибиз келет”, - деди ал.
Мэрия өкүлү Темирлан Камчыбеков базар администрациясынын алдына чогулган соодагерлерге жаңы келишимдер түзүлөрүн айтып, базар мурункудай эле иштей берерин убада кылды.
“Менчик укугубуз тебеленип жатат”
Мэрия өкүлдөрү “Оберон” ишканасынын базарларын кандай негизде сотко берип, утуп алганы жөнүндө маалымат берген жок.
Базар жетекчилеринин маалыматында, “Оберон” ишканасына таандык “Дордойдогу” аянты 7 гектардай “Форт” базарында 3 миңден ашык соодагер бар. Ал эми “Орто-Сайдагы” аталган ишкананын 1,18 гектар жеринде 600дөн ашык соодагер эмгектенет.
Аталган базарларга ээлик кылып келген “Оберон” ишканасынын ээси Нуржамал Байболова Бишкек мэриясы менен соттошуп, соттун эки инстанциясында тең утулуп калганын билдирди. Байболова сот чечимдерин акыйкатсыз деп атап, мэриянын аракетин менчик укугуна кол салуу деп баалады.
Ал күйөөсү Кубатбек Байболов ишкер Аскар Салымбеков менен бирге эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында “Дордой” базарын түптөп, кийин 1997-жылдары алар өз үлүшүн бөлүп кеткенин эске салды.
“Ошол жердеги (ред: "Дордой" базары) сазды кургатып, жок жерден жасалган бизнес. Мамлекеттин бир дагы жерин менчиктештирген эмеспиз. Өз колубуз менен нөлдөн баштаган бизнесибиз. Ошол эле бүгүн иштеп жаткан “Дордойдун” четинен өзүбүздүн энчибизди бөлүп алганбыз. Сотто бизге чыгарган жер боюнча токтом мыйзамсыз, калган базарларга кандайча мыйзамдуу болуп калат? Укмуштуудай табышмактуу суроо. Эми Жогорку сотко берип жатабыз. Конституциялык палатага да кайрылдык. Анткени бул бизге эле тиешелүү эмес. Жалпы эле жарандардын жеке менчикке болгон укугун тепселөө катуу жүрүп жатат”.
Нуржамал Байболова өлкө жетекчилерине кайрылып, акыйкат чечим күтүп жатканын кошумчалады.
Байболовдор кимдер?
72 жаштагы саясатчы Кубатбек Байболов башкы прокурор, ички иштер министри, коопсуздук кызматынын төрагасы жана күч органдарынын жетекчилик кызматтарында иштеген, бир нече жолу Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ал соңку жылдары саясаттан алыстап, чет өлкөдө жүргөнү айтылган.
Дагы караңыз
Байболов: Каракчылыкка каршы тура албадымАнын жубайы Нуржамал Байболова коопсуздук кызматтарында иштеген. Ал Бишкек шаардык кеңешинин төрайымы дагы болгон.
Менчиктеги мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу жараяны
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу тууралуу буга чейин бир нече ирет билдирүү жасаган. Ал 14-июнда Кара-Суу районунда мечиттин ачылышына катышкандан кийинки сөзүндө “мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештиргендер аны өкмөткө кайтара турганын” билдирген.
“Мурдагы башаламан заманда көптөгөн ишканаларды, элдин, мамлекеттин байлыгын арзан акчага сатып алышып же болбосо эптеп-септеп, коррупциялык жолдор менен менчиктештирип, көптөрү бай болуп жүрүшпөйбү. Ошолордун баарын тартипке салышыбыз керек. Ал элдин байлыгы. Жүз миңдеген, миллиондогон элдин байлыгын бир адам же беш адам басып алып олтурат. Алардын бардыгын кайтарышыбыз керек”, - деген болчу Камчыбек Ташиев.
Кыргызстанда мурда-кийин жеке менчикке өткөн жерлер, имараттар, ири базарлар мамлекетке алынып жатат. Буга чейин Ташиев Оштогу ири базарлардын бири Кара-Суу базары мамлекетке өтөрүн билдирген.
Дагы караңыз
Кара-Суу базары үчүн "кармаш"Талдоочулар ошол эле учурда өлкөдө менчикке болгон укук да сакталышы керек экенин айтып келишет.
Ишкер Тилек Токтогазиев бул жараян жеке менчик укугуна доо кетирерин белгилеп, өлкө эгемендигин алган жылдардан кийин менчиктештирүү саясатын ошол кездеги бийлик ишке ашырганын эске салган.
“Чынында ар кандай жолдор менен мамлекеттик мүлк менчиктештирилген. Бирок кандай капа болсок дагы, ошол кездеги эрежелерге туура келген. Аны кабыл алышыбыз керек. Аны эми 30 жылдан кийин өзгөртүп жатканы ишкерлик чөйрөгө, инвесторлорго жакшы таасирин тийгизбейт. Мамлекетти биз бирдиктүү институт катары карашыбыз керек”.
Бийлик ишкерлерге, бизнеске шарт түзүлүп жатканын айтып келет. 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин келген бийликтин алгачкы демилгелеринин бири экономикалык мунапыс жарыялоо болгон.
Андан сырткары “Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам кабыл алып, президент Садыр Жапаров жарандарды мүлкүн ачык көрсөтүүгө чакырган. Президент буга үлгү катары 20 миллион долларлык мүлкүн өзүнө каттаткан.