Түндүк-түштүк жолундагы туннелде калган автоунаалар чыгарылды

Түндүк-түштүк кошумча жолундагы туннел. 28-октябрь, 2024-жыл. Транспорт жана байланыш министрлиги тараткан сүрөт.

Түндүк-түштүк альтернативдүү автожолунун (Балыкчы - Казарман - Жалал-Абад) 348-чакырымында, туннелде калып калган автоунаалар чыгарылды. Алар 27-октябрь күнү күзөт постундагы кашааны сүзүп, туннелге кирип кетишкен. Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, туннелде жол курган ишкананын техникасы болгондуктан, алар чыга албай калышкан. Катуу жааган кардан туннелдин Жалал-Абадга чыккан тарабына 500 метр чамалуу кар көчкү түшкөн.

"Эреже бузган айдоочуларды жоопкерчиликке тартуу үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын аймактык кызматкерлери чакырылган. Тиешелүү протоколдор түзүлүп, айып пул салынган соң, унаалар кое берилет", - деп билдирди министрлик.

Учурда туннелдин түндүк тарабынан Казарман айылына чейинки жол толугу менен тазаланып, ачылды.

Кыргызстанда синоптиктер 28-30-октябрь күндөрү абанын табы кескин төмөндөп, тоолуу аймактарда кар жаай турганын, жолдор тоңголок жана тайгак болорун эскертип жатат.

Транспорт жана жол министрлиги узак жолго чыккан айдоочулардан дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, чынжыр жана башка керектүү шаймандарды ала чыгууну өтүнүп, жолдо 500 метр аралыкты так сактоого чакырган. (ZKo)

Дагы караңыз

​​​​​​​Таанымал кишилердин катасын кантип оӊдоо керек?Гимнди өзгөртүү зарылбы? Депутаттардын ой-пикири Башкы прокуратура: Быйыл 69 жаран Кыргызстанга экстрадицияландыКыргызстанда 72 миң бала туугандарынын колунда тарбиялануудаТүндүк-түштүк жолуна кар көчкү түшүп, бир нече машине туннелден өтө албай турат