29-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жамгыр жаап, тоолуу райондорунда кар түшөт. Айрым жерлерде туман болот.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болору айтылды. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 5…10,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 5…10,
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8.
Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен жамгыр, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы -1°… +1°, күндүз 6…8° жылуу болот.
Дагы караңыз
Президент Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө иштерин күчөтүүнү тапшырдыАкылбек Жапаров үч өлкөнүн темир жолунун курулушу ноябрда башталарын айттыАКШдагы калаа башчысы: Мэрди шаар тургундары тандаганы жакшыКүрөш боюнча дүйнө чемпионаты: Карачев менен Токтомамбетов күмүш алдыӨлкөдө 9 айда жол кырсыгынан 505 адам каза болду