Иран: Хаменеи Израилдин соккусун "ашыкча баалоо туура эмес" экенин айтты

Аятолла Али Хаменеи, 4-октябрь, 2024-жыл

Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи 26-октябрда Израилдин Иранга жасаган соккусун "ашыкча баалап" же ошол эле учурда "көңүлгө албай коюуга" болбой турганын айтты.

Жекшембиде соккуда набыт богон иран офицерлеринин үй-бүлөлөрүнүн алдында сүйлөгөн Хаменеи Израил сокку урганда “жаңылып калганын” айтты.

Ал мамлекеттик аткаминерлерди Ирандын “ мүмкүнчүлүгүн түшүнүүгө” үндөп, Тегерандын жооп чарасы тууралуу айткан жок.

Хаменеи Израилди ишарат кылып, Ирандын аскердик жайларына “так жана таамай” сокку урдук деп, “албетте, алар аша чаап жатышат” деди.

“Алардын аракетин көбүртүп-жабыртуу да туура эмес, бирок аны көңүлгө албай коюу дагы ката”, - деди Хаменеи.

Тегеран Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде төрагалык кылган Швейцарияга кайрылып, чукул жыйын чакырууну өтүндү.

Ирандын расмий жетекчилери өлкөнүн коргоо системасы каршы тараптан атылган снаряддарды абадан жок кылганын, ошол эле учурда төрт офицери набыт болгонун билдирди.

Израилдин соңку соккусу күтүлгөндөн айырмаланып, Ирандын өзөктүк өңдүрүшүн же мунай чыккан жерлерин бутага алган жок.

АКШ президенти Жо Байден Израилдин өзүн коргоо укугун белгилеп, касташкан эки өлкөнүн бири-бирине сокку урганы жалпы эле Жакынкы Чыгышты согушка сүйрөйт деген кооптонуусун билдирди.

Иран соңку бир нече аптадан бери Израил сокку урарын күтүп жаткан. 1-октябрда Иран Израилди 180ге чукул баллистиккалык ракета менен аткылаган.

Тегеран Газадагы ХАМАС (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал тобуна жана Ливандагы “Хезболла” кыймылына каршы ЦАХАЛдын аскердик операциясы үчун Израилге сокку урганын билдирген.

«Хезболланы» АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.