«Грузин кыялы» 54% ашуун добуш алганын БШК билдирди

Башкаруучу «Грузин кыялы» партиясынын негиздөөчүсү Бидзина Иванишвили добуш берүү аяктагандан кийин партиянын Тбилисидеги кеңсесинде, 26-октябрь, 2024-жыл

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жаңыланган маалыматтарына ылайык, бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы 54,273% (1 113 936) добуш алды. Ушул тапта жалпы шайлоо бекеттеринин 99, 164% келген добуштар саналып бүттү.

Оппозициялык күчтөр:

  • "Өзгөрүүлөр үчүн коалициясы" – 10.806%;
  • "Биримдик - улуттук кыймылы" – 10.094%;
  • "Күчтүү Грузия" – 8.725%;
  • "Грузия үчүн" – 7.75%

Шайлоого жалпы 18 партия катышып, калгандары 5% босогодон өтпөй калды.

Учурда түрмөдө отурган экс-президент Михаил Саакашвилинин «Биримдик – улуттук кыймылы» шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын анын лидери Тина Бокучева билдирди.

«Грузиянын Боршайкому Иванишвилинин бузуку буйругун аткарды. Биримдик- улуттук кыймылы» өзгөчө кырдаал режимине өтөт», - деди Бокучева чукул өткөрүлгөн жыйында.

«Күчтүү Грузия» коалициясы дагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын анын лидерлеринин бири Анна Долидзе айтты.

«Боршайком жыйынтыкты шашылыш түрдө чыгара салганына нааразыбыз. Жыйынтык грузин элинин эркин көрсөтпөйт. Бул сандар Грузиядагы тарыхый шайлоого каршы келет. Биз грузин элинин демократиялык жана европачыл тандоосун коргоо үчүн бардык мыйзамдуу жолдор менен ар бир добуш үчүн күрөшөбүз».

Шайлоого жалпы 18 партия катышты. Негизги атаандаштык бийликте турган “Грузин кыялы” менен бир нече партиядан түзүлгөн оппозициянын ортосунда жүрдү.

Шайлоо өнөктүгү маалында бийликтеги партия жарандар тынчтыкты же согушту тандарын белгилеп, эгер оппозиция жеңип келсе, Грузияны "Орусияга каршы согушка сүйрөйт" деп шайлоо өнөктүгү маалында элди коркутту.

Оппозиция Грузиянын азыркы бийлигин “өлкөнү эл аралык изоляцияга түртүп жатканы жана Кремлге ыктаган саясаты үчүн” айыптайт. Оппозициялык күчтөр “элге кам көрүү, коррупцияга каршы күрөш, Евробиримдикке жана НАТОго мүчө болуу, өлкөнүн Орусиянын таасиринде калуусуна жол бербөө” деген максатта шайлоого аттанган.

Бул жолу шайлоочулардын 50% ашууну добуш бергенин БШК билдирди.

Дагы караңыз

"Автокырсык уюштуруп коебуз". Уйгур активисттердин кооптуу жашоосуАралыктан шайлоо: БШКнын чечими, парламенттеги сынКүн Чыгыш: Корей өлкөлөрүнүн Путиндин режиминин Украинага каршы баскынчыл согушуна карата кайчы турумдарыШайлоо: Грузия Европага ыктайбы же Орусиягабы?