Грузиядагы шайлоо: Бийликтеги "Грузин кыялы" 50% көп добуш алды

"Грузин кыялы" партиясынын жактоочулары Тбилисиде, 26-октябрь, 2024-жыл

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында шайлоо бекеттеринин 70% келген добуштар саналып бүткөнү тууралуу маалымат жарыяланды. Маалыматка ылайык, бийликтеги «Грузин кыялы» 53% добушка ээ болду.

Оппозициялык күчтөр:

"Өзгөрүүлөр үчүн коалициясы" – 11.199%;
"Биримдик - улуттук кыймылы" – 9.805%;
"Күчтүү Грузия" – 9.04%;
"Грузия үчүн" – 8.24%

Башка партиялар 5% шайлоо босогосунан өтпөй калды.

Грузин парламентиндеги мандаттардын бөлүнүшү (БШКнын алдын ала маалыматына негизделген)

Алдын ала маалыматка таянсак, парламентте "Грузин кыялы" 88ге жакын мандат, оппозициялык күчтөр – 62 ("Өзгөрүү үчүн коалициясы" – 19, "Биримдик - улуттук кыймыл" – 16, «Күчтүү Грузия» – 14, «Грузия үчүн» – 13) орун алат. Өкмөттүү куроо үчүн 76 добуш зарыл.

Тбилисидеги "Грузин кыялынын" кеңсесинде жеңишти майрамдап, фейерверк атышты. Премьер-министр Ираклий Кобахидзе башкаруучу партия шайлоодо "ишенимдүү жеңишке жеткенин" жарыялады.

Оппозиция "Грузин кыялы" парламенттеги көпчүлүк орунду жоготконун белгиледи. Оппозициялык күчтөр 52% добуш алганын Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили экзитполдордун маалыматына таянып айткан.

Шайлоого жалпы 18 партия катышты. Негизги атаандаштык бийликте турган “Грузин кыялы” менен бир нече партиядан түзүлгөн оппозициянын ортосунда жүрдү.

Шайлоо өнөктүгү маалында бийликтеги партия жарандар тынчтыкты же согушту тандарын баса белгилеп, эгер оппозиция жеңип келсе, Грузияны "Орусияга каршы согушка сүйрөйт" деп шайлоо өнөктүгү маалында элди коркутту.

Оппозиция Грузиянын азыркы бийлигин “өлкөнү эл аралык изоляцияга түртүп жатканы жана Кремлге ыктаган саясаты үчүн” айыптайт. Оппозициялык күчтөр “элге кам көрүү, коррупцияга каршы күрөш, Евробиримдикке жана НАТОго мүчө болуу, өлкөнүн Орусиянын таасиринде калуусуна жол бербөө” деген максаттарын жарыялаган.

Бул жолу шайлоочулардын 50% ашуун добуш бергенин БШК билдирди.