24-октябрь: Түркия күрт жоочуларына сокку урганын билдирди, абактагы Төрөкулова айып изоляторуна камалды

Зарина Төрөкулова

24-октябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Аялын мыкаачылык менен өлтүргөн жарандын өкүмү чыкты

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Рахима Айкымбаеванын өлүмү үчүн күйөөсү Каныбек Байсаловду мүлкүн конфикациялоо менен 15 жылга эркиндигинен ажыратты. Ал жазасын жалпы тартиптеги абакта өтөйт, жабыркаган тарапка моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн 300 миң сом төлөп берет. Үч баланын энеси 34 жаштагы Айкымбаева быйыл 4-апрелге караган түнү өзү жашаган үйүндө, 27 жолу бычак жеп, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Аны 33 жаштагы күйөөсү өлтүргөнү сотто аныкталды. Маркумдун жакындары аны өмүр бою абакка кесүүнү суранышкан. Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары көп катталууда.
Ушул жылдын сегиз айында 10 миң үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды, балтыр алгаычкы сегиз айда 8,5 миң болгон.

Түркия Сириядагы жана Ирактагы турумдарга сокку урууда

Түркия борбор калаасы Анкарада беш кишинин өлүмүнө алып келген окуядан кийин Сириянын жана Ирактын аймагындагы «Күрд жумушчу партиясынын» (Түркияда террорчул уюм деп жарыяланган) турумдарына абадан сокку урганын билдирди. Түркиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Зеки Актүрк 24-октябрда маалымдагандай, жалпысынан 47 объект бутага алынды. 23-октябрда Turkish Aerospace Industries (TUSAS) ишканасынын имаратына эки киши автомат жана жардыргыч менен кол салганы, бири аял, экинчиси эркек экени, экөө тең ошол жерден жок кылынганы расмий кабарланган. Бул чабуул үчүн эч бир топ жоопкерчиликти ала элек. Окуя учурунда 22 киши жараат алганы айтылган. Ички иштер министри Али Ерликая кол салган эркек киши «Күрд жумушчу партиясынын» мүчөсү деп аныкталганын билдирген. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган 23-октябрдагы кол салууну теракт деп атаган.

АКШ Түндүк Корея Орусияга аскер жөнөткөнүн билдирди

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Түндүк Корея Орусияга аскер жөнөткөнү анык экенин билдирди. Ал түндүк кореялык аскер кызматкерлери Орусияга барганы тууралуу далилдер бар экенин айтып, муну Пхеньяндын Москвага курал-жарак жөнөткөндөн кийинки кадамы деп атады. АКШ администрациясынын улуттук коопсуздук боюнча өкүлү Жон Кирби октябрдын башында жана ортосунда Орусиянын Владивосток шаарына Түндүк Кореядан кеминде 3000 аскер кеме менен жеткирилгени тууралуу маалымат бардыгын айтты. Түндүк Кореянын аскерлери Орусияга барганын Түштүк Корея айтып чыккан. Орусия да, Түндүк Корея да жогорудагы билдирүүлөрдү четке кагууда.

Украина дрон жана ракета чабуулуна кабылды

Украинанын абадан коргонуу системалары 24-октябрда өлкөнүн 11 аймагында Орусия учурган согуштук 50 дрондун 40ын атып түшүрүүгө үлгүргөнүн, жетөө электрондук жана навигациялык тоскоолдуктан улам адаштырылганын Куралдуу күчтөрдүн басма сөз кызматы билдирди. Харьков облусунда Купянск шаарында орус аскерлеринин соккусунан адамдар жабыркаганын, арасында каза болгондор бар экенин, баштапкы маалымат боюнча өлгөндөр экөө деп эсептелип жатканын облустук аскердик администрация башчысы Олег Синегубов айтты. Хмельницкийде дрондун сыныктары түшкөн жерде өрт чыгып, турак үйдүн жана мейманкананын 40ка жакын тургуну эвакуация болду. Дрондон тышкары Орусия бул жолу Украинаны башкарылуучу эки жана дагы канаттуу эки ракета менен атты. Алардын бири да максатына жетпегени белгиленди.

Бишкекте жүздөгөн батир мамлекетке өттү

Кыргыз бийлиги жаңы курулуп жаткан көп кабат үйлөрдөгү жүздөгөн батирди “мыйзамсыз жерге салган” деген негизде курулуш компанияларынан алып, мамлекеттик ипотека программасы аркылуу сатууну көздөп жатканы белгилүү болду. 24-октябрда президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев “аларды үлүштүк негизде ипотекага алсаңыздар болот”, - деп билдирди. “Кут”, “Нурзаман”, “Ааламстрой” жана башка компаниялардын аты аталды. Бийлик жемкорлукка каршы күрөшүп жатканын айтып, айрым курулуш компанияларынын жетекчилерин кармаган, кийин алар акча төгүп, камактан бошонуп чыкканы белгилүү болгон.

Абактагы активист айып изоляторуна камалды

Фейсбукта маалымат бөлүшкөнү үчүн эркинен ажыратылган жарандык активист Зарина Төрөкулова айып изоляторуна камалды. Бул маалыматты 24-октябрдда Жаза аткаруу кызматы тастыктап, 15 суткага камоо чарасынын колдонулушуна ал “бир нече жолу ички тартип эрежелерин бузганы” себеп болгонун билдирди, бирок кандай тартип бузуу тууралуу кеп болуп жатканын маалымдаган жок. Жүрөгү ооруп жаткан апасын өзүнчө изоляторго камап коюшканын активисттин кызы Айман Ырысбекова айтып чыккан. Жаза аткаруу кызматы Төрөкулова медициналык кароодон өтүп, абалы жөнүндө корутунду алгандан кийин гана изоляторго киргизилгенин билдирди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Төрөкулованы “социалдык түйүндөрдө “чагымчыл” билдирүүлөрдү жасаган” деп бир жыл мурда кармаган. Жактоочу Кантемир Турдалиев Төрөкулова Фейсбукка бөлүшкөн маалыматы үчүн айыпталып жатканын, ал эми посттун автору камакта жаткан башка адам экенин айткан. Активист айыптоону “саясий буюртма” деп атаган. 16-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту Төрөкулованы беш жылга эркинен ажыраткан.

Райымбек Матраимовдун абак мөөнөтү узарды

Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун абактагы мөөнөтүн 26-декабрга чейин узартты. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди. Ага “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешени мыйзамдаштыруу/адалдоо”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелери менен кылмыш иши козголгон. Тергөө жүрүп жатат. Матраимовго үч жыл мурда жемкорлук боюнча да иш козголгон. Ал бажы системасында ири коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып, 2021-жылы соттолгон, айыппул төлөп кутулган.

Тиркеме аркылуу акча которуунун жаңы эрежеси кирди

Кыргызстанда мобилдик тиркеме жана интернет-банкинг аркылуу өлкө ичинде сом менен акча которгондо комиссиялык төлөм алууга убактылуу тыюу салынды. Улуттук банк мындай чара убактылуу экенин, 2025-жылдын 31-декабрына чейин иштей турганын, негизги максаты накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн мындан ары көбөйтүү, калк үчүн санарип төлөм кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу экенин билдирди. Кыргызстан накталай эмес төлөмдөргө өтүү аракетин улантууда. Салык кызматы 1-октябрдан тартып мекеме-ишканалар кызматкерлерине эмгек акыны накталай түрдө эмес, банк эсептери аркылуу төлөөгө милдеттүү экенин эскерткен. Мындай талап Эмгек кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу коюлуп жатканы белгиленген.