Орусиянын жана Кытайдын көздөгөнү
Жүзүнөн жылмаюу кетпеген орус президенти Владимир Путин сыйлуу коноктору менен кол алышып, тамашалашып турду. Байкоочулар саммит анын купулуна толгондой деп комментарийлешти. Аналитиктердин айтымында, 35 өлкөнүн жогорку өкүлдөрү, арасында 20 чакты мамлекет жана өкмөт башчылар катышкан жогорку деңгээлдеги жолугушууну уюштуруу менен Кремл Батыштын Орусияны эл аралык обочодо калтыруу аракеттеринен майнап чыкпаганын, Москва Азиядагы өнүгүп келаткан державалар менен тыгыз мамиле куруп жатканын көрсөтүүнү көздөйт.
“Азатыктын” казак редакциясы сөзгө тарткан саясат таануучу Толганай Умбеталиева мындай ойго кошулбайт:
“Батыш басылмалары “Орусия изоляцияда эместигин көрсөтүүнү каалайт” деп жазууда. Менимче, Орусия эл аралык коомчулуктун обочосунда калбаганын эбак эле далилдеген. Орусия БРИКС аркылуу “глобалдык Түштүктү” күчтөндүрүүнү жана Чоң Жети баш болгон “глобалдуу Батышка” атаандаш чыгууну көздөйт. Москвага БРИКС мына ушундай контекстте маанилүү”.
Ал эми казакстандык дагы бир политолог Досым Сатпаев Кытайдын уюмдагы таасири Орусияныкына караганда күчтүүрөк деп эсептейт. Анын созүнө караганда Украинадагы согушта Москва аскердик держава, экономикалык маанилүү оюнчу болбой калганын далилдеди:
«Кытай Батыш жана АКШ менен тиреште экономикалык, аскердик жана саясий чордон болгусу келет. Андыктан БРИКС өңдүү уюмдарды өзүнүн айланасында консолидациялоого кызыкдар. Мындан тышкары Казакстан мүчө болгон Шанхай кызматташтык уюму бар. Бирок БРИКС Кытай үчүн маанилүүрөк. Себеби Кытай лидер болом, Батыштын таасирине каршы коем деген "глобалдык Түштүктүн" бир бөлүгүн камтыйт».
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кандай болгон күндө да саммитте БРИКСти кеңейтүү, катарын толуктоо маселеси көңүл чордонунда болуп келди.
Адегенде Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка кирген уюмдун жаңы мүчөлөрү Египет, Эфиопия жана Бириккен Араб Эмирлиги Казан жолугушуусуна жаңы мүчөлөр катары биринчи жолу катышты.
Ошондой эле БРИКСке кошулуу арызын Малайзия менен Азербайжан жолдоду. Бейрасмий маалыматтарга караганда, Түркия да андай ниетин билдирген.
Шаршембиде жыйынды ачып жатканда Путин 30дан көп өлкө уюмга кошулууга кызыкканын билдирген. Бирок кеңейүү жараянында теңсаламактуулукту сактоо зарылдыгын белгилеген.
Борбор Азия лидерлери БРИКСке ашыкпайт
Борбор азиялык лидерлер биринин аркасынан бири Путинге саммитке катышууга чакырганы үчүн ыраазычылыгын айтып, бийик деңгээлдеги жолугушуунун мыкты уюштурулганын кубатташты. Алар терроризм менен күрөш, куралдуу жаңжалдар, Ооганстандагы кырдаал, экономика жана соодадагы теңсиздик, экология өңдүү дүйнөлүк орчундуу маселелерге кайрылышты. Арийне БРИКСке кошулуу ниетин алар билдирген жок.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев уюмдун түрдүү программаларына, долбоорлоруна жана иш-чараларына мындан ары да катышарын белгиледи:
“Өзбекстан артыкчылыктуу социалдык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн БРИКСтин жаңы өнүгүү банкы менен жакындан кызматташууга даяр. Инновациялар, санарип экономикасы, жашыл экономиканы өнүктүрүү, энергетика, тоскоолдуксуз электрондук соода чөйрөлөрүндө мамилелерди кеңетүүгө кызыкдарбыз”.
Өзбек президенти экстремисттик көз караштарды жайылтууга, өзгөчө жаштардын радикалдашуусуна каршы чара көрүү зарылдыгына да токтолду.
Кыргызстан президенти Садыр Жапаров да өлкө БРИКС менен кызматташууну улантарына ишендирди.
Мамлекет башчы климаттагы өзгөрүүлөргө, расмий Бишкектин бул жааттагы демилгелерине өзүнчө кайрылды.
“Өзгөчө тоолуу экосистемаларга көп зыян тийзигип жаткан климаттагы өзгөрүүлөр чөйрөсүндө кызматташуу абдан маанилүү. Кыргызстандын демилгеси жана тоолуу өлкөлөрдүн көмөгү менен БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча 5 жылдык программа ишке ашууда”.
Саммит алдында казак президентинин басма сөз катчысы Берик Уали Астана жакынкы келечекте уюмга кирүүнү көздөбөйт деп билдирген.
Уали президент Касым-Жомарт Токаевге БРИКСке кошулуу сунуштары түшкөн, бирок улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен ал “эл аралык актуалдуу маселелер талкуулана турган универсалдуу уюм катары БУУга артыкчылык” берерин айткан.
Жыйында сөз сүйлөгөн Токаев кайрадан БУУнун борбордук ролуна басым жасады:
"Казакстан үчүн БРИКСтин ар бир мүчөсү менен дос мамиле куруу абдан маанилүү. БРИКСтин көп тараптуу аракеттери универсалдуу жана алмаштырылгыс структура болгон Бириккен Улуттар Уюмунун ишмердигин гармониялуу толуктары калетсиз. БУУнун уставына жазылган дипломатия жана диалог тууралуу принциптер БРИКСтин күн тарбининин негизин түзөт.
Гарвард университетинин Борбор Азия программасынын директору Наргис Касенова эки ири коңшу Орусия жана Кытай Казакстанга уюмга кошулуу кеңешин берген деп эсептейт:
«Казакстандын (БРИКСке) кирүүсү уюмдун аброюна салым кошмок. (Бирок) ошол эле маалда Казакстанды Батыштан оолактатып, тигил же бул деңгээлде АКШнын гегемониясына каршы чыккан “көп полярдуу” дүйнөнү жактагандарга жакындатмак”.
Орусиялык саясат таануучу Алексей Юсупов БРИКСти эл аралык уюм эмес "лидерлердин клубу" деп атоо туура болоруна көңүл бурат.
"БРИКС - талкуу уюштуруу, пиар кылуу, лидерлик платформасы. Анын алкагы мүчө-мамлекеттерге иш жүзүндө эч кандай милдеттенмелерди жүктөбөйт. Бир нече айдан бери доллар менен эсеп-кысап жүргүзүүдөн кетүү үчүн орток финансылык системанын концепциясы каралган дымактуу долбоор талкууланып келди. Бирок биз көргөндөй бул багытта кымындай да алга жылуу байкалган жок".
Досым Сатпаев экономикалары бир кылка эмес, саясий системалары ар түрдүү, тышкы саясий багыттары ар башка өлкөлөрдүн башын бириктирген уюм канчалык эффективдүү деген собол салат:
"Борбор Азияда регионалдык уюм түзүлсө, анын пайдасы бизге көбүрөк тийип, перспективасы кененирек болот эле. Себеби экономикалык, экологиялык көптөгөн маселелерди чечүүгө жардам бермек. Ошондой уюм биздин акртыкчылыктуу багыт болмок деп ойлойм".