Волейбол: Кыргызстан Түркмөнстан курамасын утту

Кыргызстан менен Түркмөнстан курамаларынын беттеши. Ташкент шаары. 22-октябрь, 2024-жыл.

Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курамасы Борбор Азия волейбол ассоциациясынын (CAVA) чемпионатынын төртүнчу турунда Түркмөнстан курамасын 3:1 менен утту. Мелдеш ушул тапта Ташкент шаарында өтүп жатат.

CAVA уюмунун расмий сайтынын маалыматына ылайык, мелдешке Кыргызстандын, Ооганстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Малдив жана Түркмөнстандын курамалары катышууда. Командалар өз ара ойноп, тайпада эң көп упай топтогон эки команда мелдештин алтын байгеси үчүн беттешет. Ал эми тайпада үчүнчү жана төртүнчү орунду ээлеген командалар коло байге үчүн күч сынашат.

Кыргызстандын курамасы төрт беттеште жеңишке жетип, финалда ойноого мүмкүнчүлүк алды. Учурда кыргыз волейбол курамасында 11 упай бар. Экинчи орунда 10 упай топтогон Өзбекстан курамасы турат. Үчүнчү орунда Түркмөнстан 8 упайы менен. Ооганстан курамасында 4 упай, Тажикстанда 2, Малдив курамасында 1 упай бар.

Кыргызстан курамасы буга чейин Тажикстан (3:0), Малдив (3:0) жана Өзбекстан (3:2) курамаларын утту. Эми курама 23-октябрда Ооганстан курамасы менен беттешет. Ооганстан курамасы төрт турдун жыйынтыгында бир жолу жеңип, үч ирет жеңилген.

Ал эми Өзбекстан менен Түркмөнстан курамалары өз ара беттешип, жеңген команда 24-октябрда финалда Кыргызстан менен беттешет.

CAVA улуттар лигасына Борбор Азиядагы жана Чыгыш Азиядагы 14 өлкө мүчө. (GT)