KFCде ызы-чуу чыгарууга шектелген төрт жаран 20-декабрга чейин камалды

Интернетке тараган видеодон алынган скриншот.

Бишкек шаарындагы KFC тез тамактануучу жайлардын бирине кирип барып, ызы-чуу чыгарууга шектелген төрт жарандын бөгөт чарасы Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып, 20-декабрга чейин камакка алынды.

Бул тууралуу "Азаттыка Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалгандарды камакка алуу өтүнүчүн тергөөчү келтирген.

Ички иштер министрлиги 21-октябрда Бишкек шаарындагы KFC тез тамактануучу жайлардын бирине кирип барып, ызы-чуу чыгарган 24-29 жаштардагы төрт шектүү кармалганын маалымдаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 330- (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) беренелери менен иш козголгон.

Интернетке жарыяланган видеодо белгисиз адамдар KFC тамактануу жайына кирип келип, өздөрү көтөрө келген ак матага оролгон манекенге кетчуп төгүп, күзөт кызматкерлеринин талаптарына баш ийбей жатканын көрүүгө болот.

Социалдык тармактарда алар Газадагы мусулмандарга колдоо көрсөтүү үчүн ушундай кадамга барышканы тууралуу маалыматтарды жазышкан.

Кармалгандардын жакындары же адвокаттары окуя тууралуу комментарий берише элек. (MKt)

Дагы караңыз

Парламент Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлигин жактырдыНоокаттык ютуберге кылмыш иши козголдуКүрөш боюнча дүйнө чемпионаты: Раззак Бейшекеев чемпион болду