Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты: Раззак Бейшекеев чемпион болду

Грек-рим күрөшүнүн балбаны Раззак Бейшекеев ушул тапта Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медал утту. Финалдык беттеште Бейшекеев Диего Чхиквадзени 6:1 эсеби менен жеңип, дүйнө чемпиону болду. Бейшекеевдин медалы грек-рим күрөшүнөн 23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионатынан кыргыз балбандарынын ичинен алгачкы алтын медал болуп калды.

67 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Бейшекеев жалпы беш беттеш өткөрдү. 1\16 финалда албаниялык Даниэль Даянини 10:1, 1\8 финалда азери балбаны Фарид Халиловду 4:1, чейрек финалда жапон балбаны Харуто Ябени 9:0, жарым финалда Арсланбек Салимовду 10:0 эсеби менен утту.

Раззак Бейшекеев учурда 20 жашта. Ал кадеттер арасында дүйнө чемпиону (2021-жыл), 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпиону(2023-жыл). Азия оюндарынын коло медалынын ээси (2023-жыл). Чоңдор арасындагы Азия чемпионатынын күмүш, коло медалдарын уткан.

23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшүнөн тогуз балбан мелдештерге катышууда. Бүгүн балбан Асан Жанышов коло медал үчүн беттеш өткөрөт. (GT)