Ливан оорукананын жанында өлгөндөр 13кө жеткенин билдирди

Куткаруучулар оорукананын жанына урулган соккуда аман калгандарды издеп жатышат. Бейрут, 22-октябрь, 2024-жыл.

Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги Бейруттун ири ооруканаларынын биринин жанындагы соккудан каза тапкандардын саны 13 кишиге жеткенин, ондогону жараат алганын билдирди.

21-октябрдын кечинде Рафик Харири атындагы университеттин клиникасынын маңдайындагы имаратка дүрмөт тийген. Министрликтин маалыматында, курман болгондордун арасында кеминде бир бала бар, 57 киши жараат алды.

Израил “Хезболланын” (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) каржы булактарын тескеген Al-Qard Al-Hassan ассоциациясын бутага алганын жана карапайым кишилерге зыян келтирбөөгө аракеттенгенин айтууда.

"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, ал эми Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Израил Ливандын аймагындагы "Хезболлага" каршы согушун сентябрдын аягында күчөтүп, 1-октябрда ал өлкөнүн түштүгүнө жөө аскерлерин киргизген, ага чейин соккулар абадан урулуп жаткан.

Ливан бийлиги маалымдагандай, изралдик аскерлердин операциясы башталгандан бери 1,2 миллион киши бир нече жолу жер которууга аргасыз болду.

9-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Ливанда бир жылда Израилдин чабуулдарынан 2 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылганын, алардын 1,5 миңге жакыны 24-сентябрдан 8-октябрга чейин каза болгондор экенин белгилеген.

"Хезболланын" согушкерлери да Израилдин аймагына ракета менен чабуул коюп келатат.

Дагы караңыз

"Манас” аэропорту Судандагы учак кырсыгына байланыштуу комментарий берди Пхеньян Орусияга аскер жөнөткөнү тууралуу маалыматты "жүйөсүз" деп атадыБРИКС: Орусия менен Кытайдын көздөгөнү эмне?