Комментарий кантип калтыруу керек? Түшүндүрмө

"Азаттыктын" веб-сайты ар бир окурмандын ой-пикирин билип, кабар алып, биздин платформаларды колдонгон башкалар менен эркин жана ачык талкууга шарт түзөт.

Биз эркин, коопсуз жана өз ара сыйлашкан баарлашууну камсыз кылуу үчүн бир катар эрежелерди киргиздик. Бул жерде сиз өз тажрыйбаңыз жана көз караштарыңыз менен бөлүшүп, конструктивдүү талкууга катыша аласыз.

Ачык талкуу "Азаттыктын" журналисттери үчүн дагы өтө маанилүү. Окурмандардын ой-пикирлери, комментарийлери биздин ишибизди жакшыртууга, актуалдуу маселелерге көңүл бурууга жана кызыктуу маалымат баяндарды даярдоого өбөлгө болот. Биздин талкууларга катышып жатканыңызга ыраазычылык билдиребиз.

Комментарий жазып жатканда эмнени эске алуу керек:

Адегенде төмөнкү эрежелерди окуп, эске түйүп алсаңыз.

  • Биздин макала-баяндарда аты аталган адамдарга, каармандарга, журналисттерге жана комментарий жазган башкаларага сый-урмат менен мамиле кылуу керек.
  • Биз кастык тилин колдонуп, улутуна, этностук тегине, маданиятына, сексуалдык, гендердик өзгөчөлүгүнө же майыптыгы бардыгына карап кимдир бирөөнү жек көрсөткөн комментарийлерди чыгарбайбыз. Башка бирөөнүн ар-намысына шек келтирип, бир топту экинчисине каршы койгон сөздөрдү чыгарбайбыз.
  • Бирөөнү коркутууга, зордук-зомбулукка чакырууга жол берилбейт.
  • Жарнама коюуга жана коммерциялык ишмердик жүргүзүүгө уруксат берилбейт.
  • Ойдон чыгарылган ысымдар менен жазууга жол бербейбиз.
  • Өзүңүздүн жана башкалардын купуя маалыматын коргоо үчүн комментарийлерге жеке маалыматыңызды: дарегиңизди, телефон номериңизди же эмейл дарегиңизди жазбаңыз.
  • Комментарийиңизди ачык платформага коюп жатканыңызды эстен чыгарбаңыз. Сиздин жазганыңыз купуя маалыматты коргоо жөнүндө мыйзамды бузуу же кайсы бир өлкөлөрдө жалган жалаа жабуу деп бааланышы мүмкүн.
  • "Азаттыктын" материалында түшүнүксүз жери болсо комментарийге жазып коюңуз.
  • Бул эрежелерди такай бузган комментаторлор бөгөттөлөт.

Биз менен байланыш:

Эгер суроонуз же сунуш-пикириңиз болсо azattyk@rferl.org дарегине жазыңыз. Ар бир окурмандын ой-пикири биз үчүн маанилүү.

Кайрылгандардын көптүгүнөн улам бардык келген каттарга тез арада жооп бере албай калышыбыз мүмкүн. Бирок ар бир окурмандын суроосуна жооп берүүгө аракеттенебиз.