Айсулуу Тыныбекова Күрөш федерациясынын вице-президенти болуп шайланды

Айсулуу Тыныбекованын Париж Олимпиадасында кыз-келиндер күрөшүнөн коло медал уткан учуру. 11-август, 2024-жыл.

Токио жана Париж Олимпиадаларынын байге ээси, кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын күрөш федерациясынын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенти болуп шайланды. Бул тууралуу аталган федерация билдирди.

Маалыматка ылайык, Тыныбекова мурдагы вице-президент Динара Исаеванын ордуна шайланган. Шайлоо 21-октябрда өткөн.

Күрөш федерациясы Айсулуу бир канча убакыттан кийин спорттук карьерасын уланта турганын жазган.

31 жаштагы Айсулуу Тыныбекова Олимп оюндарына төрт жолу катышып, Токио Олимпиадасында күмүш утса, быйыл Парижде өткөн Олимпиада оюндарында коло медал утту. 2012-жылы Лондон Олимпидасында 13-орунду, Рио-де-Жанейро Олимпиадасында 5-орунду ээлеген.

Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн Дүйнөнүн үч жолку, Азиянын алты жолку чемпиону. Эл аралык ондогон мелдештерде байгелүү орундарды жеңген. Күрөш дүйнөсү уюму (UWW) Тыныбекованы кыз-келиндер күрөшүнөн 2023-жылдын мыкты балбаны деп тапкан.

Сентябрдын башында Күрөш федерацияынын мурдагы президенти Мелис Турганбаев кызматтан кетип, анын ордуна 62 жаштагы Эркин Тентишев шайланып, федерациясынын вице-президенттери да алмашкан. (GT)

Дагы караңыз

"Табытын ачпай көмдүк". Украинада каза болгон Байжигит Politico: ЕБ өлкөлөрү Орусияга каршы жаңы санкцияларды январда талкуулайтБРИКС: Орусия менен Кытайдын көздөгөнү эмне?