Динаятчы Фетхулла Гүлен дүйнөдөн кайтты

Фетхулла Гүлен

83 жаштагы Гүлендин насааттарын жарыялаган Herkul сайты өзүнүн X баракчасында Гүлен жекшемби күнү кечинде ооруканада дарыланып жаткан маалда каза болгонун тастыктады.

Динаятчынын көз жумганын анын АКШда жашаган жээни Эбуселам Гүлен да ырастап, Х баракчасына билдирүү таратты. Анын сөөгү кайсыл жерге коюлары кабарлана элек.

Фетхулла Гүлен соңку 25 жылдан бери АКШда бозгунда жүргөн.

2016-жылы 15-июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, буга байланыштуу үч жүздөн ашык адам набыт болгон. Түрк өкмөтү бул төңкөрүш аракети үчүн Гүленди күнөөлөп, Вашингтондон аны өткөрүп берүүнү талап кылган жана анын кыймылын ФЕТО ("Фетхуллахчы террордук уюм") деп жарыялаган.

Гүлен өзү жана анын тарапкерлери дооматтарды четке кагып, төңкөрүш аракетин бийлик өзү атайылап уюштурган деп жооп кайтарган.

Төңкөрүш аракетинен бери жалпысынан 300гө жакын кылмыш иши козголгон. 4891 айыпталуучу абакка кесилген. Алардын үч миңи өмүр бою эркинен ажыратылган. Түрк маалымат каражаттары Гүлен жамаатына тиешеси бар делген шек менен изделип жаткан кишилер кармалганын утур-утур кабарлап келет.