Молдовада президенттик шайлоонун экинчи айлампасына Санду менен Стояногло катышат

Молодованын президенти Мая Санду.

Молдовада 20-октябрда өткөн президенттик шайлоодо берилген добуштардын 98% ашыгы саналып бүттү. Шайлоочулардын дээрлик 42% добушун алган учурдагы президент Мая Санду экинчи айлампада орусиячыл социалист Александр Стояногло менен атаандаш болот. Ага шайлоочулардын 26,34% добуш берген. Шайлоонун экинчи туру эки аптадан кийин, 3-ноябрда өтөт.

Евробиримдикке кошулуу боюнча референдумдун добуштарынын 98% саналды. Шайлоочулардын 50,1 пайызы каршы добуш берсе, 49,9% биримдикке кошулууну колдогон. Бобордук шайлоо комиссиясы чет өлкөлөрдө жашаган молдовалыктардын добуштарын саноону улантууда.

Референдумга чейинки сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү өлкөнүн Европа биримдиги менен интеграциясын колдогон.

Президенттик шайлоодо жана реверендумда 1,5 млн ашуун же шайлоочулардын 51,4% көбү добуш берди.

Президент мая Санду шайлоонун жана референдумдун алдын ала жыйынтыгы тууралуу комметарий берип, Молдова "демократияга болуп көрбөгөндөй чабуулга" туш болуп жатканын билдирди.

Анын айтымында, "кылмыштуу топтор чет элдик күчтөр менен биргеликте" молдовалык шайлоочулардын добушун "сатып алууга" аракет кылышкан.

"Бизде кылмыштуу топ 300 миң добуш сатып алууну көздөгөн далилдер жана маалыматтар бар, бул болуп көрбөгөндөй көз боёмочулук, анын максаты демократияны бузуу", - деди Санду.

Ал эми президенттик кызматка 11 талапкер ат салышууда, арасында азыркы президент Майя Санду да бар. Ал Евробиримдикке кошулууну колдойт.

Байкоочулар президенттик шайлоонун экинчи айлампасы болушу ыктымалдыгын белгилеп жатышат. Экинчи айлампага чыгышы ыктымалдыгы айтылган талапкерлердин арасында мурдагы баш прокурор, оппозициялык Социалисттер партиясы колдогон Александр Стояноглонун аты аталган. Партиянын лидери, Молдованын экс-президенти Игорь Додон өз тарапташтарын Стояногло үчүн добуш берүүгө чакырган.

Додон сыяктуу эле, Стояноглого дагы бир нече иштер боюнча кылмыш ишин козголгон. Мурдагы прокурор коррупцияга жана кызматынан кыянат пайдалануу үчүн айыпталып, иши тергелип жатат. Экс-президент коррупция жана мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталууда. Экөө тең президент Сандунун "саясий куугунтугуна" кабылганын айтса, мамлекет башчы айыптоолорду четке кагууда.

Өнөктүк алдында Молдова бийлиги жана айрым Батыш өлкөлөрү Орусиянын кийлигишүүсү, ага сыртынан кесилип, чет өлкөдө жашаган ишкер Илон Шордун каыштыгы болушу ыктымалдыгы тууралуу айтып келишти. Атап айтканда жалган маалымат таратуу, добуштарды сатып алуу, шайлоодон кийин тоз-тополоң уюштуруу үчүн акча жөнөтүү өңдүү аракеттер ыктымалдыгы айтылып келди.

Promo-LEX байкоочулар миссиясы добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар тууралуу миңден ашуун билдирүү алган. Анын 200дөн ашууну ырасталды, көбү добуш беруүнүн купуялуулугуна байланыштуу болгон.