Дзержинск шаарындагы аскердик заводго сокку урулду

Дзержинск шаары. Иллюстрация

Украина Москва облусуна жана Орусиянын батыш чөлкөмдөрүнө дрон менен сокку урганы кабарланды.

Маалыматка караганда, Нижний Новгород облусундагы Дзержинск шаарындагы өнөр жай зонасы чабуулга туш болду. Ал жакта жардыргыч заттарды чыгарган коргоо тармагынын заводу жайгашкан. Ишкана Батыштын санкциялар тизмесине киргизилген.

"Астра" Телеграм-каналы сокку урулган учур делген видеону жайгаштырды.

Жергиликтүү тургундар өнөр жай тилкесиндеги жардыруулар жөнүндө маалымдашты. Облус губернатору Глеб Никитин учкучсуз учактардын чабуулуна абадан коргоо күчтөору туруштук бергенин, өрт өчүрүү бөлүмүнүн төрт кызматкери жараат алганын Телеграм-каналына жазды.

Кийинчерээк украин армиясынын башкы штабы Дзержинскидеги заводго жана «Липецк-2” аэродромуна сокку урушканын билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде 110 дрон атып түшурүлгөнүн маалымдады. Москванын мэри Раменское шаарында башкалаага бет алган жабдык жок кылынганын бышыктады.

Жаздан бери Орусиянын бир катар аймактары, биринчи кезекте Украина менен чектеш облустар дрон чабуулдарына туш болуп келатат.

Каза тапкандар жана жараат алгандар бар. Москва ал үчүн Киевди айыптаса, украин армиясы аткылоолорду көп учурда комментарийсиз калтырат.

Дагы караңыз

"Тез Жеттин" аба каттамдарынын токтошу нааразылык жаратты Газада ЦАХАЛдын соккусунан 87 киши каза тапканы кабарландыМолдовадагы шайлоо: Алдын ала жыйынтык боюнча Санду алдыдаКыйноого кабылган Курманбековго 30 миң сом кенемте төлөнөт