Батирлеп жашап, байгесин күткөн мугалим

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ошто эки жыл катарынан мугалимдердин сынактарында батир утуп алган Илгиз Шамырзаев али күнчө байгесин ала электигин айтып чыкты. Ал мурдагыдай эле батирлеп көчүп-конуп жүргөнүн, уюштуруучуларга нааразы экенин билдирди. Сынактын бирин Ош мэриясы өткөргөн. Адатта шаан-шөкөт менен  өтүп, мугалимдик кесиптин кадырын арттыруу, жаш агартуучуларды шыктандырууга багытталган мындай сынактарда демөөрчүлөр баш байгеге автоунаа, айрым учурда батир койгон учурлар болгон.