Казакстанда жемкорлукту ашкерелеген журналист соттолду

Данияр Адилбеков сот залында. Астана. 2024-жылдын 16-октябры.

Казакстанда бийлик органдарындагы жемкорлук тууралуу жазган журналист Данияр Адилбеков 4,6 жылга эркинен ажыратылды, жаза мөөнөтүн ал жалпы тартиптеги колонияда өтөөгө милдеттүү болот. Бул тууралуу бүгүн 18-октябрда «Азаттыктын» казак кызматы кабарлады.

Прокуратура журналистти беш жылга кесүүнү сунуш кылган. Ага «билип туруп жалган маалымат жеткирген, жайылткан» деген айып тагылган. Ушул эле иш боюнча нефтетрейдер Ерлан Саудегеров соттолду, ага шарттуу түрдө 3 жыл берилди.

Иштин козголушуна Telegram каналга Астана аэропортунун башкармалыгынын төрагасы Юсуф Рашед Алжавдер жана El Media басылмасынын башкы редактору Гүлжан Ергалиева тууралуу макала чыкканы негиз болгон.

Соттолуучулар аларга тагылган айыптар негизсиз экенин айтышкан.

Адилбеков быйыл 27-мартта кармалган. Ал энергетика тармагындагы мунай сатуу жана сатып алуу менен алектенген кызматкерлер арасындагы коррупцияны ашкерелеген.

Адвокаттар тергөө учурунда да, соттук териштирүүдө да процесстик мыйзам бузуулар болгонун, кылмыш ишинде жетиштүү далил жок экенин айтышкан.

Май айында ондон ашуун казакстандык журналист президент Касым-Жомарт Токаевге жана коопсуздук органдарына кайрылып, Адилбековду бошотууга, териштирүүнү ачык жүргүзүүгө чакырышкан.

Журналист өзү улуттук коопсуздук кызматкерлеринин кыйноосуна жана басымына кабылып жатканын май айында билдирген. Алар Адилбековдун мындай айыптоосун четке кагышкан. (RK)

Дагы караңыз

DRL Кыргызстанды Temirov Live боюнча өкүмдү жокко чыгарууга чакырдыХАМАСтын лидери өлтүрүлдү. Газадагы согуш качан токтойт?Түндүк Корея Орусияга аскер жөнөтүп жатканы маалымдалдыАбактагы Бекназаров Убактылуу өкмөттөгү үзөңгүлөштөрүнө кайрылды