ХАМАС лидери Синвардын өлүмүн ырастады

Яхья Синвардын сүрөтүн кармаган демонстранттар. Архив сүрөт.

Иран колдогон, АКШ жана Европа Биримдиги террордук деп жарыялаган ХАМАС тобу лидери Яхья Синвар каза болгонун тастыктады. Бүгүн 18-октябрда топтун башчысынын орун басары Халил ал-Хайя телевизиондук кайрылуу жасап, Синвар Газада өлтүрүлгөнү тууралуу маалыматты ырастады.

ХАМАСтын атынан ортомчулар аркылуу тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышып жүргөн ал-Хайя бул кайрылуусунда Израилди жээк тилкесиндеги согушун токтотууга, аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырды.

Израил армиясы (ЦАХАЛ) Газанын Рафах шаарында 17-октябрда «үч террорчу аныкталып, жок кылынганын», алардын бири Синвар экенин жарыялаган.

Синварды Израил бийлиги ХАМАС менен азыркы согушунун тутанышына түрткү болгон бир жыл мурдагы кандуу кол салуунун уюштуруучусу деп эсептейт. Үч айга жетпеген убакыт аралыгында топ экинчи жолу башчысынан айрылды. Синвар ХАМАСтын саясий канатынын лидери болуп быйыл 6-августта дайындалган. Ага чейин бул кызматты ээлеп келген Исмаил Хания 31-июлда Тегеранда жок кылынган. Ал үчүн Иран менен ХАМАС Израилди күнөөлөгөн.

Газадагы согушту токтотуу боюнча АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү жүргүзгөн ортомчулук сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек. (RK)

Дагы караңыз

ХАМАСтын лидери өлтүрүлдү. Газадагы согуш качан токтойт? Украина: Киев эң узак дрон чабуулуна кабылдыЛиван Ирандын БУУ резолюциясы боюнча сунушун "кийлигишүү" деп атадыВенеция комиссиясы: “Чет элдик өкүл” мыйзамы эл аралык стандаттарга шайкеш келбейт