Газа: ХАМАСтын лидери өлтүрүлдү, Израил согушту улантат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

АКШ жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС тобунун лидери Яхья Синвар Газада жок кылынгандан кийин Иран Израилге каршы күрөштү күчөтөрүн жарыялады. АКШ Синвардын жок кылынышын кубаттап, эми Газадагы ок атышууну токтотууга чакырды. Израилдин бийлиги азырынча согуш токтобостугун ишарат кылды. Яхья Синвар атайын пландалган операциянын жыйынтыгында эмес, Рафахтагы кагылышуулардын биринде өлтүрүлгөн.