Европадан мыйзамсыз мигранттарды чыгаруу үчүн тез арада жаңы эреже керектиги айтылды

ЕБ саммити. Брюссель. 2024-жылдын 17-октябры.

Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө мамлекеттер мыйзамсыз мигранттарды өлкөдөн чыгаруу боюнча тез арада жаңы эрежелер кабыл алынышы керек деп эсептешет. Бул тууралуу биримдиктин 17-октябрда Брюсселде өткөн кезектеги саммитинин жыйынтыгында кабыл алынган декларацияда белгиленди.

ЕБ лидерлери иммиграцияны саясий максатта колдонууга каршы чечкиндүү күрөшүү зарылдыгын, Орусияга, Беларуска жана башка өлкөлөргө биримдик ичиндеги баалуулуктардан, анын ичинен башпаанек алуу укугунан кыянат пайдалануусуна, демократияга залака тийгизүүсүнө мүмкүнчүлүк бербөө керек экенин айтышты.

Politico басылмасы жазгандай, биримдиктин мыйзамсыз миграция боюнча соңку билдирүүсүн Польшанын премьер-министри Дональд Тусктун жеңиши катары баамдаса болот. Анткени ал башпаанек берүүдөн баш тартканда коопсуздук маселесин жүйө келтирүү тууралуу идеясына колдоо издеп жатат.

Жакында Польша өкмөтү 2025-2030-жылдарга карата миграциялык саясат стратегиясын кабыл алган. Анда негизги максат көзөмөл жана коопсуздук экени жазылган. Бирок Тусктун Польша мигранттарга, айрыкча бул өлкөгө Беларус жана Орусия тараптан кирүүгө аракет кылгандарга башпаанек берүүнү токтотушу мүмкүндүгү тууралуу билдирүүсү талкуу жараткан.

Укук коргоочулар Польша өкмөтүнүн мындай сунушун "Женева конвенциясына жана Адам укуктарынын бүткүл декларациясына каршы келет" деп сындашкан.

Буга чейин мыйзамсыз миграцияны чектөөгө багытталган мыйзам Финляндияда кабыл алынган.

Варшава менен Хельсинки беларус жана орус бийлигин Евробиримдиктеги туруктуулукту бузуу максатында ал жакка мигранттарды атайылап жөнөтүп жатат деп айыптоодо. Москва менен Минск мындай айыптоолорду чет кагууда.

Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен жакында биримдик аймагында жүрүүгө укугу жок мигранттарды мекенине кайтаруу процессин жөнгө салуучу жаңы мыйзам долбоору даярдалып жатканын айткан. Брюсселдеги саммитти утурлай Евробиримдик мүчөлөрүнө жазган катында фон дер Ляйен бул документте "өлкөдөн чыгарылуучу адамдар боюнча кызматташуунун так милдеттенмелери" камтылганын билдирген. (RK)

Дагы караңыз

Чаткал: Аба ырайына байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулдуЗеленскийдин "жеңиш планы": Үмүт жана күмөн санооОрусияда кардардын айынан кыйноо көргөн Калыс Бишкекте шайлоого катышуучу партиялардын кезеги аныкталды