Ош: Мэрия Мырзакматовдон суу кудуктарын кантип алды?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ош шаарынын бийлиги таза суу маселесин толук чечүү үчүн жеке менчикке өтүп кеткен суу кудуктарын (скважина) кайтарып алуу аракети башталганын билдирди. Түштүк борборду 2009-2013-жылдары башкарган Мелис Мырзакматовдун жеке менчигинде калган эки кудук мамлекетке алынганы белгилүү болду. "Азаттыктын" кабарчылары маселенин чоо-жайын иликтеп чыкты.

Ош шаарындагы таза суу маселесин толук чечүү үчүн жергиликтүү бийлик жеке менчикке өтүп кеткен суу кудуктарын (скважина) кайтарып алуу аракетин баштады. Түштүк борборду 2009-2013-жылдары башкарган Мелис Мырзакматовдун менчигине өтүп кеткен делген эки кудук шаардын карамагына кайра алынганын мэрия билдирди. Бирок экс-мэр Мырзакматовдун жакындары ал жерлерге экс-мэрдин тиешеси жоктугун айтып, ынандыруу аракетинде.