Молдова Москвадагы добуш берүү боюнча тынчсыздануусун билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Молдованын Тышкы иштер министрлиги Орусияда добуш бере турган жарандарын атайын уюштуруп жатышканы тууралуу маалыматты “тынчсыздануу менен эске алганын” билдирди.

Мекеменин билдирүүсүндө орус тараптын шайлоочуларды добуш берүү бекетине топтоп ташып баруу аракети мыйзамга каршы келери, мунун баары шайлоонун жыйынтыгынан күмөн жаратуу үчүн атайылап жасалып жатканы белгиленди.

20-октябрда Молдовада президенттик шайлоо менен катар Европа Биримдигине мүчөлүк зарылбы же жокпу деген маселе боюнча референдум өтөт. Орусиядагы жарандары үчүн Молдова Москвадагы элчилигинин имаратында шайлоо бекетин ачат.

Президенттикке талапкерлер арасында азыркы башчы, экинчи мөөнөткө калууну көздөп жаткан, Орусиянын Украинага кол салуусун айыптап, өлкөсүн Москванын таасиринен чыгарууга аракет кылган батышчыл саясатчы Майя Санду да бар. Калкы 2,5 миллион киши болгон бул жакыр өлкөнү ал евроинтеграция жолуна сүрөөдө. Сандунун тушунда, 2022-жылы Молдова Евробиримдикке талапкер макамын алды, быйыл жыл башында бул биримдикке кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөр башталды.

Быйылкы шайлоо өнөктүгү Орусия молдовалыктарды Москванын орбитасында кармоо жана Евробиримдиктен алыстатуу үчүн жалган маалымат жайылтып жаткан шартта өтүүдө. (RK)

Дагы караңыз

Чаткал: Көчкүдө калган алты адам дайынсыз, үч киши ооруканага түштү Зеленскийдин "жеңиш планы": Үмүт жана күмөн санооИзраил ХАМАСтын лидери өлтүрүлгөнү тууралуу маалыматты текшерип жатат Литва: Фура айдоочулардын узак жолдогу түмөн түйшүгү